2014-ж. аягына карата запастар менен ресурстар

2014-ж. аягына карата запастар менен ресурстар

Жарыяланган: 20 February 2015

“Центерра Голд Инк.” жана “Кумтор Голд Компани” 2014-ж. 31-декабрына карата Кумтөрдөгү запастарды жана ресурстарды такташты.

2014-жылы “Кумтөрдө” жалпысынан 567 693 унция1 же 17 657,2 кг алтын өндүрүлгөн. Кумтөр кен ишканасы алтынга бай SB зонасына чыгуудан улам жылдын өндүрүштүк тапшырмасын ийгиликтүү аткара алды, компания аны 2015-жылдын биринчи кварталында да иштетүүнү улантууда.

Запастар

Кумтөрдөгү далилденген жана мүмкүн болгон запастардын көлөмү жалпысынан рудадагы 6,1 млн. унциядайды (анда рудадагы алтындын 2,8 г/т курамында 68,5 млн. тонна руда) түзөт, ошол эле учурда 2013-ж. 31-декабрына карата бул көлөм рудадагы 8,5 млн. унция алтынды түзгөн. 2014-жылы рудадагы 731 миң унция металлды фабрикалык кайра иштетүүнү эске алуу менен далилденген жана мүмкүн болуучу запастардын көлөмү 1,6 млн. унцияга кыскарды. 2014-ж. декабрынын аягында 2014-жылы белгиленген алтындын запастарын эсептеп чыгуунун блоктук моделиндеги ажырымдарды четтетүү үчүн карьердин борбордук участогунун ресурстарынын жаңы моделин түзүү иши аяктаган.

Ресурстардын жаңы моделинин нетто-эффектиси рудадагы алтындын мүмкүн болгон запастарынын көлөмүн 590 миң унцияга кыскаруусуна таасир этти. Мындан тышкары, ресурстардын жаңы моделинин маалыматтарынан жана геотехникалык маселелерди чечүүдө карьердин капталдарын жантайтуудан болушунан улам тоо-кен иштеринин долбооруна да өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон. Тоо-кен иштеринин жаңы долбоорунда мүмкүн болуучу запастардын көлөмү рудадагы 743 миң унция алтынга кыскартылган. 2014-ж. Давыдов мөңгүсүнүн түштүк салаасындагы кыймылды чектөө үчүн карьердин ичине отвал тургузулган. Карьердин ичине отвал тургузуу карьердин тышкы чектеринин кыскаруусуна алып келди жана аны менен мүмкүн болуучу запастарды дагы рудадагы 358 миң унция алтынга төмөндөттү. Сары-Төр жана Түштүк-Батыш карьерлерин оптималдаштыруунун натыйжасында Сары-Төрдө мүмкүн болуучу запастардын рудадагы 147 миң унция алтынга көбөйүшү жүрдү, бирок, аны менен бир убакта Түштүк-Батыш участогунда мүмкүн болуучу запастардагы рудадагы 105 миң унция алтынга кыскарган.

Ресурстар

2014-ж. 31-декабрына карата абалы боюнча өлчөнгөн жана көрсөтүлгөн ресурстар рудадагы 284 миң унция алтынга өскөн жана алардын жалпы көлөмү рудадагы 2,8 млн. унцияны түзгөн (андагы алтындын 3,0 г/т курамында 29,5 млн. тонна). Бул негизинен Кумтөрдүн Борбордук карьериндеги запастарын ресурстар категориясына которуунун натыйжасында болду. Өлчөнгөн ресурстар рудадагы 158 миң унция алтынга кыскарды жана рудадагы 1,47 млн. унциядай алтынды түздү (андагы алтындын 3,2 г/т курамында 14,3 млн. тонна), а көрсөтүлгөн ресурстар жалпысынан рудадагы 1,3 млн. унцияны түзүү менен (алтындын 2,7 г/т курамында 15,1 млн. тонна) рудадагы 441 миң унция алтынга көбөйгөн. Көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр 2014-жылы кендин Сары-Төр жана Түштүк-Батыш участокторунда көрүлгөн карьерди оптималдаштыруу жана Кумтөр кенинин бардык участокторунда стандартташтырылган методологияны колдонуу менен байланышкан.

2014-жылдын 31-декабрына карата абалы боюнча Кумтөрдөгү болжолдонгон ресурстардын көлөмү рудадагы 1,7 млн. унциядай алтынды түздү (андагы алтындын 7,4 г/т курамында 7,2 млн. тонна), бул 2013-ж. 31-декабрына карата маалыматтарга салыштырмалуу көлөмдүн рудадагы 0,9 млн. тонна алтынга таза азаюусун көрсөтөт. Болжолдонгон ресурстардын көлөмүнүн көрсөтүлгөн азаюусу баарынан мурда Түндүк-Чыгыш, Түштүк-Батыш жана Сары-Төр участокторунун болжолдонгон ресурстарынан рудадагы 581 миң унция алтын чыгарылып салынганы түшүндүрүлөт, себеби алар карьердин алтындын унциясына АКШ 1450 доллары баасы үчүн белгиленген ресурстар жаткан чектелген контуру менен камтылбаган, а рудадагы 411 миң унция алтын бай рудасы менен жер астындагы штокверк зонасынын болжолдонгон ресурстары категориясынан борбордук карьердин участогунун эсептелген ресурстары категориясына которулган, ал SB жер астындагы зонасынын болжолдонгон ресурстарынын көлөмүнүн рудадагы 86 миң унция алтынга көбөйүшү менен компенсацияланган.

Рудадагы 1,7 млн. унциядай алтынды түзгөн Кумтөрдө болгон болжолдонгон ресурстардан рудадагы 1,6 млн. унциядай алтын SB зонасынын жана штокверк зонасынын рудага бай жер астындагы болжолдонгон ресурстарынын чектеринде жатат. SB зонасынын жер астындагы болжолдонгон ресурстарынын көлөмү карьердин ичине отвал тургузууга байланыштуу 2014-жылдын аягына карата абалы боюнча бир аз өзгөрүп кетти, андан кийин SB зонасынын жер астындагы болжолдонгон ресурстарынын көлөмү рудадагы 1,3 млн. унция алтынды түзүү менен (андагы алтындын 10,7 г/т курамында 3,8 млн. тонна руда) рудадагы 86 миң унция алтынга көбөйдү. Бирок, штокверк зонасынын жер астындагы болжолдонгон ресурстарынын көлөмү рудадагы 411 миң унция алтынды карьердин борбордук участогунун эсептелген категориясына которулушуна байланыштуу рудадагы 294 миң унциядай (андагы алтындын 11,8 г/т курамында 0,8 млн. тонна руда) алтынга чейин кыскарды.

Карьердеги ресурстардын жатышынын чектеринин контурун колдонуу карьердин минералдык запастарына көлөмү киргизилбеген карьердин минералдык ресурстарын камтууга мүмкүндүк берет жана кендин жайгашуу орду жана өлчөмү, анын иштетүүнүн ырааттуулугу, иштетүү ыкмасы, металлдын чыгуусу, эксплуатациялык чыгымдар жана товардык баа сыяктуу бир катар параметрлерди пайдаланууну билдирет. Бирок, ресурстардын жатышынын контурлары капиталдык чыгымдарга болочок керектөөлөрдү эске албайт, ошондуктан аларды минералдык запастарга которуу үчүн ориентир катарында колдонула албайт.

2014-ж. 31-декабрына карата Кумтөрдөгү запастар жана ресурстар

Миң тонна

Курамы (г/т)

Рудадагы алтындын көлөмү

миң унция

тонна

Алтындын запастары:
– далилденгени 7 778 2,1 526 16,36
– мүмкүн болуучу 60 729 2,9 5 610 174,49
Бардыгы 68 509 2,8 6 136 190,85
Ресурстар:
– карьер үчүн эсептелген ресурстар 14 317 3,2 1 473 45,82
– карьер үчүн көрсөтүлгөн ресурстар 15 144 2,7 1 330 41,37
– штокверк зонасы үчүн көрсөтүлгөн ресурстар 156 10,8 54 1,68
Бардыгы 29 617 3,0 2 858 88,90
Болжолдонгон ресурстар
– ачык карьер 2 655 1,5 126 3,92
– жер астындагы штокверк зонасы 775 11,8 294 9,4
– SB жер астындагы зонасы 3 806 10,7 1 315 40,9
Бардыгы 7 236 7,4 1 735 54,22

* Запастардын жана ресурстардын көрсөтүлгөн көлөмдөрү өзүнө карьердин ачык участогунун, ошондой эле Түштүк-Батыш жана Сары-Төр участокторунун запастарын жана ресурстарын камтыйт. Аларды баалоо үчүн алтындын унциясына 1300 доллар баасы алынган. Карьердин ресурстарынын жатыш аймагы карьердин алтындын унциясына 1450 АКШ доллары өлчөмүндөгү баа үчүн иштелип чыккан контуру менен чектелген.

Карьердин ачык участогунун запастары жана ресурстары борбордук участок үчүн алтындын тоннасына 0,85 грамм жана Түштүк-Батыш жана Сары-Төр участоктору үчүн тоннасына 1,0 грамм өлчөмүндө төмөнкү курамынан улам бааланган.

Жер астындагы ресурстар карьердин ачык участогунун ресурстарынын жатыш контурунан төмөнүрөөк жайгашкан жана аларды эсептөө үчүн алтындын тоннасына 6,0 грамм өлчөмү колдонулат.

Запастарды жана ресурстарды баалоо “Центерра” тарабынан көптөгөн эл аралык тоо-кен компаниялары колдонушкан улуттук канадалык №43-101 стандартынын жардамы менен жүргүзүлгөн. Компания Кыргыз Республикасынын Запастардын мамлекеттик реестринде да тиешелүү түзөтүүлөр киргизилиши үчүн Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарына кароо жана бекитүү үчүн запастар менен менен ресурстардын абалы жөнүндө такталган маалыматтарды берет.

2015-жылга перспективалар

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча “Кумтөр” кен ишканасында өндүрүштүн көлөмү 2015-жылы 470-520 миң унция же 14,6-16,2 тонна алтынды түзүүгө тийиш. Мында үстүбүздөгү жылы компания алтындын эң көп бөлүгү жылдын акыркы кварталында өндүрүлгөн мурдагы жылдардан айырмаланып салыштырмалуу бирдей кварталдык алтын өндүрүүнү күтүүдө.

Кыртыш ачуу иштерин жүргүзүүгө жумшоолорду алып салганда жалпы капиталдык чыгымдар 2015-жылы 75 млн. долларды2 түзүүгө тийиш. Анын ичинен 49 млн. доллары негизинен оор жүк көтөрүүчү тоо-кен техника паркын кеңири масштабдуу кайра жабдуу (36 млн. доллар); калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын бийиктигин жогорулатуу боюнча курулуш иштери (7 млн. доллар) жана башка статьялар (6 млн. доллар) менен байланышкан негизги фондуларды3 модернизациялоого багытталмакчы.

Өнүктүрүүгө инвестициялар 26 млн. доллар көлөмдө пландаштырылган жана өзүнө KS-13 планына ылайык, кен ишканасынын инфраструктура объектилерин карьердин контурларын кеңейтүүгө байланышкан орун которуштурууну, сууну сордуруу боюнча иш чараларды камтыйт.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу 2015-жылы карьерди иштетүүгө байланыштуу 185 млн. доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com жана www.centerragold.com сайттарында жеткиликтүү, ошол эле жерден англис тилиндеги пресс-релиздин толук тексти бар. “Кумтөр Голд Компани” жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.

___________________________________________________________________________________________________________

1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.

2- Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.

3–GAAP (бухэсептин жалпы кабыл алынган принциптери) алкагында пайдаланылбоочу көрсөткүч. Кошумча маалымат “Центерранын” сайтында SEDAR MD&A файлында “GAAPта колдонулбаган көрсөткүчтөр” бөлүмундө жеткиликтүү.