2013-жылдын аягына карата запастар жана ресурстар

2013-жылдын аягына карата запастар жана ресурстар

Жарыяланган: 10 February 2014

«Центерра Голд Инк.» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниялары 2013-жылдын 31-декабрына карата Кумтөр кениндеги запастардын жана ресурстардын абалы боюнча көлөмдөрдү такташты.
Буга чейин билдирилгендей, 2013-жылы “Кумтөр” кен ишканасында 600 402 унция1 же 18 674,6 кг алтын өндүрүлгөн.

2013-жылдын планы борбордук карьердин алтындын жогору курамы болгон рудалар жаткан SB зонасында тоо-кен иштери жүргүзүлгөндөн улам аткарылган.

Запастар жана ресурстар

2013-ж. 31-декабрына карата далилденген жана прогноздук запастардын жалпы көлөмү, 2013-жылы 766 миң унция алтын кайра иштетилгенин эсепке алуу менен 8,51 млн. унция курамдагы алтынды түзөт. “Кумтөр” кен ишканасын иштетүү планы ачык карьердин запастарына гана негизделет, ошол эле учурда жер астындагы ресурстарды иштетүү пландаштырылбаган.

“Кумтөрдөгү” эсептелип чыккан жана болжолдонулган ресурстар өзгөртүлүүсүз калууда жана 2,65 млн. унция курамдагы алтынды түзөт, ошондой эле алдын-ала бааланган ресурстардын көлөмү (2,64 млн. унция курамдагы алтын) да өзгөрүүсүз калууда.

Алтындын унциясына 1300 доллар2 баасынан улам 2013-жылдын аягына карата бардык запастарынын жана ресурстарынын эсептелүүсү жүргүзүлгөн, ошол эле учурда 2012-жылдын аягына карата ушундай эсептөө алтындын унциясына 1350 доллар баадан улам жүргүзүлгөн. Алтынга баалардын өзгөрүүсү запастар менен ресурстардын абалына эч таасирин тийгизген жок.

Кумтөр кениндеги запастар жана ресурстар:

2013-жылдын 31-декабрындагы абал боюнча1

Миң тонна руда

Алтындын курамы г/т менен

Алтын бар

Миң унция

Тонна

Алтындын запастары:
– тастыкталганы 4 841 1,9 296 9,20
– – прогноздук 80 345 3,2 8 220 255,68
Жалпысынан запастар 85 186 3,1 8 516 264,88
Ресурстар:
– эсептелгендери 21 975 2,3 1 631 50,73
– болжолдонгондору (карьер) 12 113 2,3 898 27,93
– болжолдонгондору (жер
астындагы
351 10,7 121 3,76
Жалпыснан эсептелген жана болжолдонгон ресурстар 34 439 2,4 2 650 82,42
Алдын-ала бааланган ресурстар
– – борбордук карьер,
түштүк-батыш
жана   Сарытөр
участоктору
9 339 2,4 712 22,14
– жер астындагы штокверк зонасы 2 002 11,0 705 21,93
– SB жер астындагы зонасы 3 413 11,2 1 229 38,23
Жалпысынан алдын-ала бааланган ресурстар 14 754 5,6 2 646 82,30

1 – Запастар жана ресурстар өзүнө борбордук карьерди, ошондой эле түштүк-батыш жана Сарытөр участокторун камтыйт жана алтындын унциясына 1 300 АКШ доллары бааны эске алуу менен эсептелген.
2 – «АЫ»- ачык ыкма менен иштетүү; «ЖАИ» –жер астындагы ыкма менен иштетүү.

Запастар менен ресурстардын көлөмдөрү “Центерра” тарабынан Канадалык улуттук 43-101 стандартына, башкача айтканда, көптөгөн эл аралык тоо-кен компаниялары жетекчиликке алышкан стандартка ылайык эсептелген. Запастар менен ресурстардын көлөмдөрүнүн көрсөтүлгөн эсептөөлөрү 2026-жылы кен ишканасы жабылганга чейинки тоо-кен иштерине колдонулгандай жүргүзүлгөн жана бул мөөнөт бүткөндөн кийин тоо-кен иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн эске албайт. Андан тышкары, “Центерранын” КРнын Өкмөтү менен консультацияларынын жүрүшүндө жогоруда келтирилген эсептөөлөр “Кумтөр” долбоорун реструкташтыруу жөнүндө макулдашунун алдын-ала негизги принциптерин түзүү үчүн негиз катары кызмат кылган. Компания КРнын Запастарынын мамлекеттик реестринде да тиешелүү түзөтүүлөр жүргүзүлүшү үчүн кароо жана бекитүү үчүн КРнын тийиштүү мамлекеттик органдарына запастар менен ресурстардын абалы жөнүндө такталган маалыматтарды берет.

2014-жылга перспективалар

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, “Кумтөр” кен ишканасындагы өндүрүштүн көлөмү 2014-жылы 550 – 600 миң унция же 17,1 – 18,7 тонна алтынды түзмөкчү. Мында, өткөн жылдагыдай эле, бардык көлөмдүн 50%дан ашууну 2014-жылдын акыркы кварталында, борбордук карьердин SB зонасындагы алтындын курамы жогору болгон участокко кайрадан жетишилгенде өндүрүлмөкчү.

Кыртышты ачуу иштерин капиталдаштырууну чыгарып салганда, 2014-жылдагы жалпы капиталдык жумшоолор 85 млн. доллар өлчөмүндө пландаштырылууда. Анын ичинен 42 млн. доллары негизги фондуларды модернизациялоого3: тоо-кен техникасынын паркынын ремонтуна, алтын ылгоочу фабриканын шар тегирменинин тиштүү дөңгөлөгүн сатып алууга, калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын арттырууга ж.б. долбоорлорго багытталмакчы. Өнүгүүгө инвестициялар3 43 млн. доллар көлөмүндө пландаштырылган жана өзүнө KS-13 планына ылайык карьердин контурларын кеңейтүүгө байланыштуу кен ишканасынын инфраструктура объектилерин орун которуштурууну, сууну сордуруу боюнча иш чараларды жана жаңы тоо-кен техникасын сатып алууну да камтыйт.

2014-жылы кыртышты ачуу иштерин капиталдаштыруу 191 млн. доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

Бардык капиталдык жумшоолорду жана салыктарды кошо алганда, сатылган бир унцияга жалпы чыгымдар 1 008 доллардан 1 100 долларга3 чейинди түзөт.
_____________________________________________________________________________________________________________________
1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
2 – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
3 – GAAP (бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган принциптери) алкактарында пайдаланылбоочу көрсөткүч, кошумча маалыматты караңыз: «Центерранын» 2014-ж. 13-январындагы пресс-релизинде GAAP пайдаланбаган көрсөткүчтөр» бөлүгүнөн.