«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ТӨМӨНКҮ БОШ КЫЗМАТ ОРДУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯЛАЙТ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ТӨМӨНКҮ БОШ КЫЗМАТ ОРДУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯЛАЙТ

Жарыяланган: 18 October 2022

 «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ТӨМӨНКҮ БОШ КЫЗМАТ ОРДУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯЛАЙТ

Кырсыктан сактоо кызматынын командиринин орун басары (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-209

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • КСКнын өздүк курамынын карамагындагы байланыш каражаттарынын, жабдуулар менен шаймандардын, атайын каражаттардын абалын, сакталышын, колдонулушун көзөмөлгө алуу;
  • Авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө жана өрттү өчүрүүдө адамдарга жардам көрсөтүү методдорун жана ыкмаларын мыктылоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;
  • Атайын техниканы, куткаруучу жабдууларды, шаймандарды жана өрт өчүрүүчү-техникалык курал-жарактарды тиешелүү даярдыкта сактоо жана алардын техникалык абалын текшерүү;
  • Авария, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана өрт өчүрүү жерлерине чыгуу;
  • Авариялык-куткаруу, өрттү өчүрүү иштеринин жүрүшүндө иштерди камсыз кылуу, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды тартуу үчүн кырдаалды баалоо;
  • Куткаруу кызматынын күчтөрүн жана каражаттарын өзгөчө кырдаалдар зонасына чыгууга жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө дайыма даярдыкта кармоо;
  • Кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзүү;
  • Иш-чаралардын планын, ишканадагы авариялык-куткаруу иштеринин графигин иштеп чыгуу.
  • Команда менен машыгууларды жана практикалык көнүгүүлөрдү уюштуруу.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Жогорку (атайын орто) билими же авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн атайын даярдыктан өткөн жана сертификаты бар куткаруучу статусуна ээ болуу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кырсыктан сактоо кызматынын ишине байланыштуу, өрт өчүрүүчү жана өрт сигнализациясынын түзүлүштөрүнө тиешелүү ченемдик документтерди, ошондой эле долбоорлоо нормаларын жана эрежелерин билүү;
  • В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
  • Microsoft Office программаларын колдоно билүү;
  • Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү борборлорунда иш тажрыйбасы болуу;
  • Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин системасында иш тажрыйбасы болуу артыкчылыкка ээ;
  • Ишти өз убагында аткаруу жөндөмдүүлүгү, максатка умтулуу, кунт болуу, стресске туруктуу жана баарлашуу жөндөмү болуу.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 01-ноябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-209

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.