Жаӊы иш баштаган 17 жаш ишкер «Кумтɵр Голд Компани» компаниясынан ɵз бизнестерин ɵнүктүрүүгɵ грант алышат

Жаӊы иш баштаган 17 жаш ишкер «Кумтɵр Голд Компани» компаниясынан ɵз бизнестерин ɵнүктүрүүгɵ грант алышат

Жарыяланган: 20 October 2015

Борбор Азиянын Евразия фонду (БАЕФ) “Кумтɵр Голд Компанинин” колдоосу менен жүзɵгɵ ашырылып жаткан “Жаштар ишкердиги” долбоорунун алкактарында бизнес идеялардын конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. Бул долбоор жаштарга ɵз бизнес идеяларын жүзɵгɵ ашырууга мүмкүндүк берүү үчүн алардын потенциалын күчɵтүүгɵ багытталган.

Бир нече ай аралыгында Ысык-Кɵл областынын жаштары бизнес жүргүзүүнүн ыкмаларын ɵздɵштүрүштү жана ɵздɵрүнүн долбоолорун менторлордун – Кыргызстандын тажрыйбалуу консультанттарынын жана ийгиликтүү ишкерлеринин жардамы менен жеткире иштеп чыгышты.

«Башында биз “Кумтɵр Голд Компани” менен башка долбоордун – жаштар кɵбүнчɵсү ɵз жамааттарынын социалдык проблемаларын чечүүнүн үстүндɵ иштеген социалдык долбоорлорго багытталган “Жаштар банктары” боюнча иштегенбиз. Бирок, кийин жаштарга лидерлик сапатты, бизнес кɵндүмдɵрдү да үйрɵтүү зарылдыгын аныктадык. Жаштар акча табуу жана сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн билүүнү каалашат. Ушуга байланыштуу биз жаӊы “Жаштар ишкердиги” долбоорун ишке киргизүүнү чечтик, ал Ысык-Кɵл областынын жаштарына зарыл билимдерди бермекчи, ошондой эле бизнес идеяларын жүзɵгɵ ашыруу үчүн финансылоо алууга жардам бермекчи. “Кумтɵр Голд Компанинин” колдоосунан улам бул мүмкүн болуп калды”, – деп айтты БАЕФтин аткаруучу директору Динара Мусабекова.

Ɵз кезегинде “Кумтɵр Голд Компанинин” тобокелчиликтерди башкаруу, нормативдик базаны сактоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча вице-президенти Родни Ступарик компания жаштар иш орундарын түзүү жана жаӊы бизнес идеяларды киргизүү аркылуу ɵз жамааттарын туруктуу ɵнүктүрүүгɵ салымдарын кошо алуусу үчүн аларды колдоого ар дайым умтула тургандыгын белгиледи.

«Потенциалдуу инвесторлордун жана насаатчылардын жардамы менен бардык финалисттер жакшы бизнес пландарды даярдай алышты. Start Up Weekend тандоо иш чараларынын жүрүшүндɵ эле мен жаштар сунуш кылышкан – канаттуулар фабрикасын, автожуучу жай, лего-кирпич ɵндүрүшүн ачуу, теплицаларды куруу, козу карын ɵстүрүү жана жада калса самын чыгаруу сыяктуу идеялардын ар түрдүүлүгүнɵ таӊ калганмын! Мен кɵлдүк жаштар сунуш кылышкан инновациялык жана батыл идеяларга таасирлендим! “Кумтɵр Голд Компаниден” финансылоо алышкан бардык долбоорлор сɵзсүз турмушка ашырыла турганынан үмүттɵнɵм!”, – деп айтты Родни Ступарик.

Баса, финансылык жардам алуу долбоордун жалгыз максаты эмес. Анын катышуучулары үчүн ар кандай тренингдер ɵткɵрүлдү, алардын жүрүшүндɵ жаштар бизнес пландоо, сатып ɵткɵрүү рыногу, баанын түзүлүшү, товарларды же кызматтарды алдыга жылдыруу сыяктуу дагы бир топ нерселерди билишти.

Башында 350дɵй жаш адам билдирме берди, алардын 60тайы кийин бизнес сабаттуулукка окуй алышты. Конкурстун финалына 45 адам жетти. Долбоордун жыйынтыгы ɵткɵн дем алыш күндɵрү Бишкекте ɵткɵн “Инвестор күнү” убагында чыгарылды. Балдар бир минута аралыгында инвесторлорго ɵз бизнес долбоорлору жɵнүндɵ айтып жана аларды кызыктырууга тийиш болчу. Ушундан кийин катышуучулар кененирээк тааныштыруу да жасашты.

Жаш ишкерлердин насаатчыларынын бири, Менеджмент боюнча консультанттар институтунун аткаруучу директору Азамат Аттокуров жюри мүчɵлɵрү жеӊүүчүлɵрдү кантип аныкташканын айтып берди. “Бишкекке долбоордун финалисттери, 45 катышуучу келди, бизнес пландарын тааныштырышты. Бардык идеялар эӊ мыкты, баары жүзɵгɵ ашырыла алат, бирок, тилекке каршы, гранттык фонд чектелген, ошондуктан күчтүүлɵрү жеӊди. Жюри мүчɵлɵрү тарабынан биринчи кезекте бизнестин реалдуулугу, иш орундарын түзүүсү, инновациялуулугу, финансылык эсептɵɵлɵрү бааланды. Ушундан улам рейтинг да түзүлдү”, – деп айтты А.Аттокуров.

Кыргызстандын белгилүү ишкерлеринен болушкан менторлор 17 мыкты долбоорду тандап алышты жана алардын авторлоруна “Кумтɵр Голд Компанинин” атынан финансылоо сертификаттарын тапшырышты. Жеӊүүчүлɵр 150 миӊ долларлык байге фондун ɵз ара бɵлүп алышмакчы.

grants2