МАК-КАМАЗ ООР ЖҮК ТАШУУЧУ УНААНЫН АЙДООЧУСУ (БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАСЫ)

Жарыяланган: 17 October 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Мак-Камаз оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу (Балыкчы өткөөл базасы)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-242

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Жүктөрдү белгиленген багыты боюнча жеткирүү;
  • Унаанын сапар алдында/жумуш алдында кароосун жүргүзүү;
  • Унаага белгиленген коопсуздук эрежелерине ылайык май куюу, слесарь тарабынан техникалык кароодон өткөрүү;
  • БПБнын аймагында жана Кумтөр кенине келгенде, КК өткөрүү пункттарында, кен жайда, бардык зарыл болгон аймактарда жана кенден чыгып баратканда ЖКК колдонуу. Маршрут боюнча жүрүп баратканда кабинадан тышкары зарыл болгондо: оңдоо жана башка жумуштарды аткарууда ЖКК колдонуу;
  • Унааны техникалык бузуксуз жакшы абалда кармоо, ошондой эле айдоо алдында анын техникалык абалын текшерүү;
  • Унаа айдап баштаганга чейин жана кыймыл учурунда жүктүн жылып, кулап кетишине же кыймылга тоскоолдуктарды жаратуусуна жол бербөө максатында жүктүн жайгаштырылышын, бекитилишин, жана абалын текшерүү; транспорт каражатына жүктүн коопсуз бекитилишине, жана ошондой эле ташуу учурунда анын коопсуздугу үчүн унаанын айдоочусу жооптуу болот;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган бардык жол эрежелерин сактоо, жол жана аба-ырайынын абалын эске алуу менен кыймылдын ылдамдыгы тандоо керек, башкача айтканда, жол начар болгондо жана жол көрүнбөгөн шарттарда кыймылдын ылдамдыгын төмөндөтүү керек, төмөнкү ылдамдык чектөөлөрүн сактоо керек;
  • Унааны техникалык бузуксуз жакшы абалда кармоо, ошондой эле айдоо алдында анын техникалык абалын текшерүү;
  • Машиненин кабинасын таза жана тыкан сактоо; компаниянын мүлкүнө кам көрүү;
  • Артка айдаганда коопсуздук эрежелерин сактоо;
  • Компания тарабынан каралган окутуу курстарынан өтүү;
  • КГКнын эрежелери менен нормаларын сактоо;
  • Транспорттоо учурунда жүктүн коопсуздугун камсыз кылуу.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • В, С, Е категорияларындагы айдоочулук күбөлүк
  • Кыргыз Республикасынын жол кыймыл эрежелерин билүү;
  • Прицеби бар жүк ташуучу унааны айдоо эрежелерин билүү;
  • Түзүлүшүн, иштөө принциптерин, техникалык мүнөздөмөлөрүн жана колдонуу эрежелерин билүү;
  • Тоолуу шарттардагы жүк ташуучу унаалардын мүнөздөмөсүн билүү;
  • Жүк түшүрүү жана жүктөө үчүн унааны берүү эрежелерин билүү;
  • Кооптуу жана чоң эмес жүк ташуу эрежелерин билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 30-октябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-242.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.

Предыдущая публикацияМИНЕРАЛДЫК РЕСУРСТАР БОЮНЧА УЛУК ГЕОЛОГ (КУМТӨР КЕНИ) Следующая публикация«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ТӨМӨНКҮ БОШ КЫЗМАТ ОРДУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯЛАЙТ
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.