Ысык-Кɵлдɵ 11-жайкы экологиялык лагерь ɵттү

Ысык-Кɵлдɵ 11-жайкы экологиялык лагерь ɵттү

Жарыяланган: 03 August 2015

Ɵткɵн жумада Чоң Жарчгылчак айылында «Кумтɵр Голд Компанинин» каржылоосу менен “Сарычат” коомдук бирикмеси уюштурган 11-жайкы экологиялык лагерь ɵз ишин аяктады.
“Эдельвейс” пансионатынын негизинде он күн аралыгында Ысык-Кɵл облусунун Жети-Ɵгүз жана Ак-Суу райондорунда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлɵлɵрдɵн 26 бала эс алды жана жаӊы билимдерди алды.

Быйыл экологиялык билим берүүнүн алкагында биринчи жолу тажрыйбалык сабактар өтүп, Ысык-Кɵл жана Барскоон суусунан тазалыгын аныктоого үлгүлɵр алынды. Балдар адистер менен чогу бир катар экологиялык көрсөткүчтөр боюнча үлгүлɵрдүн анализин жүргүзүштү. Лагердин программасына экологиялык викториналар жана конкурстар да камтылган. Лагерге катышуунун натыйжасында балдар талаа биологиялык изилдɵɵлɵрүнүн негизги принциптерин, адамдын курчап турган чɵйрɵдɵгү жүрүм-турум эрежелерин ɵздɵштүрүп, ɵз айылынын экологиялык көйгөйгөрүн баамдоону жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун табууну үйрɵнүштү.

2015-жылдагы окуу лагердин катышуучуларына сертификаттарды жана баалуу белектерди тапшыруу менен аяктады. Лагердин директору Ишемкул Асакеевдин айтымында, балдардын экологиялык лагерлерин ɵткɵрүү – бул мектептен сырткары балдардын жана ɵспүрүмдɵрдүн активдүү экологиялык билим алуусу жүргɵн теория менен практиканы айкалыштыруунун эӊ сонун формасы.

«Лагерь 11 жыл катары менен “Сарычат” бирикмебиз менен кызматташуудан улам жүргүзүлүүдɵ. Долбоордун максаты – балдарды жаратылышты коргоого түздɵн-түз катыштыруу, аларда экологиялык кɵз караштын, курчап турган жаратылышты урматоону жана лидерлик сапаттардын калыптануусуна ɵбɵлгɵ түзүү», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» ден соолукту, эмгети жана курчап турган чɵйрɵнү коргоо системаларынын менеджери Эрик Кожомкулов.