“Кумтɵрдүн” кызматкерлери Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдɵɵ борборунун (БТжОИИБ) күйүк бɵлүмүнүн палаталарындагы ремонтту финансылашты

“Кумтɵрдүн” кызматкерлери Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдɵɵ борборунун (БТжОИИБ) күйүк бɵлүмүнүн палаталарындагы ремонтту финансылашты

Жарыяланган: 20 December 2016

«Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкерлери дайыма кайрымдуулук максатына каражаттарды чогултушат. Бул жолу бүтүндɵй компания боюнча каражат чогултуу «Кумтɵрдүн» медициналык бɵлүмүнүн демилгеси боюнча Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдɵɵ борборунун Кыргызстандагы жалгыз күйүк бɵлүмүнɵ жардам берүү үчүн уюштурулду. Акцияга компаниянын 40тан ашуун кызматкери катышты, алар 107 миӊ сом, 900 доллар жана 250 евро чогултушту.

Чогултулган каражаттарды БТжОИИБнын күйүк бɵлүмүнүн интенсивдүү терапеясынын балдар палатасынын ремонтуна жумшоо чечимине келишти, анда линеолеуим тɵшɵлүп, жаӊы эшик-терезелер, раковина, «кыш-жай» кондиционери, кварц лампалары, шыптык плафондор, электр розеткалары коюлуп, дубалдары жана шыбы сырдалды. Иштин жүрүшүндɵ дагы эки палатада линолеум алмашылып, бир палатада жаӊы сантехника орнотулду. Демилгечилердин бири Калыс Джумабаева жардам кɵрсɵтүү процессине толук жоопкер болду.

Күйүк бɵлүмүнүн жетекчиси Кандɵɵлɵт Сарбанова бɵлүмдүн бардык пациенттеринин, врачтарынын жана кызматкерлеринин атынан «Кумтɵрдүн» ɵкүлдɵрүнɵ зор ыраазычылык билдирди. «Жада калса ɵтɵ бардар адамдар да ооруканаларды сейрек колдошот. Биз «Кумтɵрдүн» кызматкерлерине демɵɵрчүлүк жардамы үчүн ɵтɵ ыраазыбыз», – дейт ал.

Кичинекей пациенттердин биринин атасы Мээримбек Сатывалдиев интенсивдүү терапея палатасын ремонтко чейинки жана андан кийинки абалын кɵрүп, компаниянын кызматкерлеринин мээримдүүлүгүнɵ таӊ калды. «Биз бир жарым айдан бери ооруканада жатабыз, ошондуктан ремонтко чейин терезелерден соккон шамалды, раковиналардын кейиштиүү абалын кɵргɵнбүз. Оӊдолгондон кийин алда канча жылуу жана жайлуу болуп калды. Бул абдан маанилүү, анткени балдар палатада кийинип жүрɵ алышпайт. Биз дарылануубуз ыӊгайлуу шарттарда болуп калганы үчүн мээримдүү адамдарга ɵтɵ ыраазыбыз» – деди ал.

Демилгечилер Гүлмира Мукамбетовага, Джерри Уиглворско, Искен Оморовго жана «Кумтɵр» компаниясынын адиминистративдик чарбалык бɵлүмүнүн кызматкерлерине колдоо үчүн ɵзгɵчɵ ыраазычылык билдиришет.

Бул кайрымдуулук акцияга катышкан баарына алкыш!