2018-жылдагы алтын өндүрүү жана 2019-жылга прогноз

2018-жылдагы алтын өндүрүү жана 2019-жылга прогноз

Жарыяланган: 18 January 2019

«Центерра Голд Инк.» («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» компаниясы билдиришкендей, алар дагы бир жылды ийгиликтүү натыйжалар менен аякташты жана 534 миңден ашуун унция алтын өндүрүштү. 

«Кумтөр» кен ишканасында алтын өндүрүү көлөмү төмөнкүнү түздү:

– 2018-жылда 534 миң унция1, же 16609,27 кг алтын;

– 2018-жылдын төртүнчү чейрегинде 228 096 унция, же 7098,58 кг алтын.

«Центерранын» Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перринин комментарийи: «Кумтөр» төртүнчү чейректи жана кезектеги жылды 534 миңден ашуун унция алтын өндүрүү жана аны менен металл өндүрүү боюнча жылдык көрсөткүчтөн 510 миң унция ашыра, ийгиликтүү аяктады. Алтын өндүрүү көлөмдөрү 2019-жылдын төртүнчү чейрегинде продукция өндүрүүнүн жалпы жылдык көлөмүнүн 28% өндүрүлөрүн эске алуу менен, баштапкы үч чейректерде бирдей бөлүштүрүлөт».

2019-жылга прогноз
«Кумтөр» кен ишканасында алтын өндүрүүнүн көлөмү 535-565 миңдей унция түзүүгө тийиш, мында алтын өндүрүүнүн жалпы жылдык көлөмүнүн 28% 2019-жылдын төртүнчү чейрегинде өндүрүлмөкчү.

 2019-жылдагы геологиялык чалгындоого жумшоолор
2019-жылы геологиялык чалгындоо иштерине жумшоолор 11 млн долларды2 түзмөкчү.

2019-жылдагы капиталдык жумшоолор
Кыртыш ачуу иштерин кошпогондо, Кумтөрдөгү жалпы капиталдык жумшоолор 2019-жылы 59 млн долларды түзүүгө тийиш. Негизги фондуларды колдоого жумшоолор3 45 млн долларды түзүп, негизинен оор тоо-кен техникасын капиталдык оңдоо жана алмаштырууга (39 млн доллар) багытталат.

Өнүктүрүүгө инвестициялар3 2019-жылы туюккап дамбасынын курулушуна (6 млн доллар), карьерден суу сордуруу иш-чараларына (2 млн доллар), ошондой эле, башка программаларды ишке ашырууга (6 млн доллар), капиталдык жумшоолорду кошуп, 15 млн долларды түзүүгө тийиш.

2019-жылга пландалган кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга жалпы жумшоолордун (108 млн доллар) ичинен карьердин ишине байланышкан кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун акчалай көлөмү 88 млн доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

 Кумтөр боюнча стратегиялык макулдашуу
«Центерра» Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Стратегиялык макулдашуу 2019-ж. биринчи чейрегинде, макулдашуу менен каралган калган төлөмдөрдү ишке ашыргандан кийин биротоло кол коюлат деп үмүттөнөт.

 2019-жылдагы салыктар
Кайра каралган инвестициялык макулдашууга ылайык, «Кумтөр» кен ишканасына операцияларга корпоративдик киреше салыгы салынбайт. Анын ордуна Кайра каралган инвестициялык макулдашуу менен дүң кирешеден 13% которуу (плюс 1% Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун пайдасына) каралган.

***

1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм
2 – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген
3–  «Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт жана Центерранын 2019-жылдын 15-январындагы пресс-релизинде “Non-GAAP Measures” бөлүмүндө баяндалат

 Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейин Кумтөрдө жалпысынан 11,8  млн унция же 367,21  тонна алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

«Центерра» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштетүү жана өркүндөтүү менен алек,  Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» эки негизги активи –  Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар жана Түркияда 100% ээ болгон Оксүт кенинде үчүнчү өндүрүшүн курууда. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада негизделет.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу 77 401 766 акция үлүшү менен «Центерранын» эң ири  акционери. 2019-жыл, 18-январга карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 361 млн доллардан ашты.

 «Центерра» жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR www.sedar.com   системасында жана www.centerragold.com  жана  www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.

 Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com

Соңу