Кумтѳр кызматкерлерине лидердик компетенция, башкаруу кѳндүмдѳрү жана жеке эффективдүүлүк боюнча тренинг ѳткѳрүү үчүн бардык кызыкдар тараптарды чакырат.

Кумтѳр кызматкерлерине лидердик компетенция, башкаруу кѳндүмдѳрү жана жеке эффективдүүлүк боюнча тренинг ѳткѳрүү үчүн бардык кызыкдар тараптарды чакырат.

Жарыяланган: 03 June 2016

ТЕНДЕР ЖАБЫК

Кумтѳр Голд Компани ЖАКы Ишкананын кызматкерлерине лидердик компетенция, башкаруу кѳндүмдѳрү жана жеке эффективдүүлүк боюнча тренинг (машыгуу) ѳткѳрүү үчүн бардык кызыкдар тараптарды чакырат. Бул конкурска кызмат сунуучулар, окутуу борборлору жана фриланс-тренерлери катыша алат.

Конкурс катышуучуларынын сунуштарынын мазмуну:

Ишкана/тренер жѳнүндѳ маалымат.

1. Ишкананын аты, менчиктик түрү, банкынын реквизиттери, юридикалык дареги, байланыш телефондору, электрондук дареги;
2. Бул конкурсттук долбоор ченемдеринде ишти аткарууга мүмкүнчүлүк берген лицензиялар, патент, жана ошол сыяктуу документтер (кѳчүрмѳлѳрү тиркемеде жиберилиши керек);
3. Ишкана/тренер жѳнүндѳ кыскача маалымат тѳмѳнкүлѳрдү камтуусу зарыл:
 Негизги ишмердүүлүк багыттары;
 Туруктуу кардарлардын тизмеси, кепилдеме каттары;
 Конкурстун темалары боюнча окутуу тажрыйбасы (окутуу ѳткѳрүлгѳн ишкананын аты, ѳткѳрүлгѳн күнү, темасы, мүнөздөмө берчү кишинин байланыш маалыматтары, же болбосо мүнөздөмө каттары);
 Керек болгон учурда жаӊы программаларды/тренингтерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү
4. Баа саясаты (тренинг саатынын/күндүн баасы, арзандатуулар, тѳлѳѳ тартиби);
5. Окуу жайлары менен камсыздалышы, керектүү жабдуулардын берилиши (бар болсо);
6. Тамактандыруу (окуу жайлары менен камсыздалган болсо);
7. Тренерди алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жана тренинг күндѳрүн алмаштыруу мүмкүнчүлүгү;
8. Окуу куралдары жана методикалык материалдар менен камсыздоо, сертификат берүү;
9. Тренерлердин саны, тренерлердин окутуу багыттары, адистиктери, тренердик иш тажрыйбасы, башка иш тажрыйбалары, тренерлердин резюмелери;

Программага болгон талаптар (бар болсо):

 Программаны конкреттештирүү – аты, максаты, тренердин аты, темалары жана бѳлүмдѳрү, иштѳѳ ыкмасы, кѳнүгүүлѳр, программаны ѳздѳштүрүү жолдору;
 Тренингтин жана белгиленген программанын узундугу (убакты);
 Программанын мазмуну;
 Тренингтердин же болбосо бул программанын баасы.

Программанын болжолдолгон ишке ашыруу этаптары

1. Реалдуу шарттарда жана реалдуу окуучулар менен ѳткѳрүлгѳн тренингтин демо-версиясы;
2. Окутуунун эффективдүүлүк ченѳлчѳмдѳрүн аныктоо;
3. Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу окутуу;
4. Тандалган ченѳлчѳмдѳрдүн негизинде окутуу эфективдүүлүгүн контролдоо;
5. Тренингтен кийинки иш-чаралар.

Бардык суроолор боюнча Kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук дарегине кайрылыңыздар.

Коммерциялык сунуштар, оозу чапталган жана сыртында “Тренинг өткөрүү үчүн коммерциялык сунуш” деп жазылган конверттин ичинде, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24, “Учкун” АКнун имараты, 14 каб., дарегине 2016-ж., 17 июнь, саат 17:00 чейин тапшырылуусу зарыл.

КГК билдирмени бүтүндөй же жарым-жартылай кабыл алуу же албоо укугун карманат.