ЖЕР КАЗУУ ИШТЕРИ ҮЧҮН БАА СУНУШТАРЫН КАБЫЛ АЛУУ

ЖЕР КАЗУУ ИШТЕРИ ҮЧҮН БАА СУНУШТАРЫН КАБЫЛ АЛУУ

Жарыяланган: 02 November 2018

АЯКТАГАН
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу (КГК), болжол менен 2019-ж. 15 март айынан баштап 2020-ж. 31 октябрь айына чейинки мөөнөттө (кыш мезгилиндеги тыныгууну кошо алганда) Кумтөр кен жайында жайгашкан калдык сактоочу жайдын объектилерин куруу учурунда жер казуу иштерин аткаруу үчүн баа сунуштарын кабыл алуусун жарыялайт. Кыш мезгили учурунда, болжол менен 2019-ж. 1 ноябрь айынан баштап 2020-ж. 15 март айына чейин, жер казуу иштери аткарылбайт, ошондуктан бул мөөнөт бою талапкерлер өз техникасын «Кумтөр» кен жайынан алып чыгуусу талап кылынат.

– 2019 жыл үчүн эсептелген жер казуу иштеринин жалпы көлөмү: болжол менен 1 060 000 м3 грунт, сапаттуу шынаасын үстүндөгү таяныч призмасын курууда керектелип (грунт тыгыздыгы 2,1 г/см3), орточо эсеп менен алганда 5,4 км аралыка ташылат жана болжол менен 170 000 м3 грунт Петров көл тарабында (казуу, түздөө, грунт төгүү, көмүү, ташуу) орточо эсеп менен алганда бир тарапка ташуу 3 км жеткен аралыкты камтыйт.

– 2020 жыл үчүн эсептелген жер казуу иштеринин жалпы көлөмү: болжол менен 1 050 000 м3 грунт, сапаттуу шынаасын үстүндөгү таяныч призмасын курууда керектелип (грунт тыгыздыгы 2,1 г/см3), орточо эсеп менен алганда 5,4 км аралыка ташылат жана болжол менен 170 000 м3 грунт Петров көл тарабында (казуу, түздөө, грунт төгүү, көмүү, ташуу) орточо эсеп менен алганда бир тарапка ташуу 3 км жеткен аралыкты камтыйт.

КГК, өзүнө таандык шаймандар паркы болгон кызыккан уюмдарды жана жеке ишкерлерди техникалык жана коммерциялык сунуштарын Тандоо комиссиясынын төрагасынын наамына оозу чапталган жана бетинде «2019-2020-ж.ж. Калдык сактоочу объектилерин куруу» деп жазылган А-4 өлчөмүндөгү конвертте 2018-ж. 30 ноябрь саат 17:00 чейин, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24 дарегиндеги «Учкун» АКнун имаратынын 10-кабатына тапшырууга чакырат.

2019 ЖЫЛЫ КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ШАЙМАНДАР*:

  • Автосамосвалдар 25 т – 25 даана.
    • Фронталдык жүктөгүчтөр 3 м3 – 3 даана.
    • Б10 же ага окшош типтеги бульдозерлер– 4 даана.
    • D8 жана D9 типиндеги бульдозерлер– 2 даана.
    • СAT 325 же Volvo EC3000L типиндеги экскаваторлор – 2 даана.
    • 18 тонналык же андан оор виброкатоктор – 5 даана.
    • 10-15 тонналык автоцистерналар, 4х6 дөңгөлөк формуласы менен же 6х6 сиңдирүүчу помпалар – 2 даана.

 

Резервде жабдуулардын сөзсүз болушу зарыл.

* – 2020 жыл үчүн керектелген шаймандар аталган жылдын эсептелген жер казуу иштеринин жалпы көлөмүнө жараша белгиленет.

 

Иш тартиби – 11 сааттык күндүзгү жана түнкү сменалар (күнүнө 22 саат). Кумтөр кен жайында шаймандардын майда оңдоо иштерин гана жүргүзүүгө уруксат берилет. Аба-ырайынын начар шарттарынан улам же болбосо оӊдоо иштеринин айынан шаймандардын иштебей бош туруп калган убакыты төлөнбөйт. Шаймандарды, жумуш жасалчу жерге жеткирүү жана жумуш бүткөндө базасына алып кетүү чыгашасын талапкер өзү көтөрөт. Талапкердин жумушчуларын Кумтөр кен жайына чейин жана кайра жеткирүү талапкер өзү көтөрөт.

КГКНЫН МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ:

Талапкердин жумушчуларын Кумтөр кен жайында жайгаштыруу жана тамактандыруу, ошондой эле колдонулуучу шаймандарын күйүүчү май менен камсыздоо.

БАА СУНУШУНА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

Сунуштар, төмөндөгү маалыматтарды чагылдырышы абзел:
– Уюм же жеке ишкер жөнүндөгү маалымат (каттоо күбөлүгүнүн, уставынын, алынган лицензия жана уруксаттардын көчүрмөлөрү, салык төлөөчүүнүн ишкердиги тууралуу маалыматтар, мурда аткарылган жумуштардын кыскача баяндамасы менен өнөктөштөрдүн тизмеси жана алардын берген мүнөздөмөлөрү);

– Сунуш кылынган шаймандар жөнүндө маалымат (типтери, саны, каттоо документтери, өткөрүлгөн техникалык тейлөөлөр, фото-сүрөттөрү), резервде болгон жабдууларды кошкондо;

– Мекеменин башкы кеңсеси, негизги жана регионалдык базалары жөнүндө маалымат;

– «Бардыгы камтылган» принциби боюнча эсептелген (бардык салыктарды жана чегерүүлөрдү, шаймандардын мобилизациялоо жана демобилизациялоого кеткен чыгымдарды, жабдуулардын амортизациясын, мастер жана слесардын туруктуу негизде иштөөсүн, мастердин автоунаасын колдонуу чыгымдарын, жеке коргонуучу каражаттары менен камсыз кылуу, эмгек акыларды, күнчыгымдарды жана үстөктөрдү, бейтап баракчаларын, кошумча чыгымдарды, кирешени ж.б. камтыйт) жогоруда аталган шаймандар менен ташылган, жүктөлгөн, түздөлгөн, сууланган же тапталган материалдын метр кубу үчүн баа сунушу;

– Тажрыйбаларынын баяндоосу менен инженердик-техникалык кызматкерлер жөнүндө маалымат;

– Талапкер керектүү жана пайдалуу деп эсептеген кошумча шарттар.

Бардык уюмдар, тандоо процедурасына өз каалосу менен жана өз каражатын колдонуп катышат, жана КГК койгон бардык шарттарга баш ийет. Талапкерлер тарабынан жасалган чыгымдарды кайра кайтарып берүү доолору ишкана тарабынан кабыл алынбайт. Тоо-кен жайына таанышуу сапарлары өткөрүлбөйт. Кошумча маалымат жана түшүндүрмөлөр үчүн kumtor.localbuyer@centerragold.com электрондук почта дарегине кайрылыңыздар.

КГК ишканасы тапшырылган баа сунуштарды толугу менен же кандайдыр бир бөлүгүн гана кабыл алуу жана КГКнын пикири боюнча эң мыкты болуп табылган талапкерлерди тандоо укугун сактайт. КГК жумуштун болгон көлөмүн бир гана уюмга толугу менен тапшырбастан бир нече талапкер арасында бөлүштүрүүнү ниет кылат. Калган шарттардын бирдей болушу учурунда, Жети-Өгүз, Тоӊ райондорунда жана Балыкчы шаарында жайгашкан талапкерлерге артыкчылык берилет. КГК алдын ала тандоодон өткөн талапкерлер менен гана байланыш түзөт.