«Кумтөр Оперейтинг Компани» Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунун жатаканасынын курууну колдоого алды

«Кумтөр Оперейтинг Компани» Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунун жатаканасынын курууну колдоого алды

Жарыяланган: 10 April 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компани» Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунун жатаканасынын курууну колдоого алды2012-жылдын 10-апрелинде Бишкекте Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунун жатаканасынын жаңы корпусунун курулушунун башталышынын салтанаттуу аземи болуп өттү. Иш чарага Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, Кыргыз Республикасындагы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID), Хаятт Ридженси Бишкектин, Ротари клубдун жана «Кумтөр» компаниясынын өкүлдөрү катышышты.

Бул долбоорду жүзөгө ашырууга каражаттардын бир бөлүгү гранттык жардам түрүндө АКШнын жана Норвегиянын өкмөттөрүнөн бөлүнгөн. Дагы бир бөлүгү Хаятт Ридженси Бишкек отелинде кайрымдуулук кечесинде жыйналган. Өз кезегинде борбордун мэриясы акысыз жер участогун бөлүп берген.

Азыркы учурда Борбордо 18ден 24 жашка чейинки 70 адам жашоодо. Жылдын аягында даяр боло турган жаңы эки кабаттуу жатаканада дагы 40 адам жайгаштырылмакчы.

Чогултулган каражаттарга имараттан тышкары, мини-футбол талаасы реконструкцияланмакчы. Анда Борбордун тарбиялануучулары менен катар эле кошуна жашашкан балдар да футбол ойной алышат. Куруучулар балдар жаңыртылган талаада быйыл 1-июнда эле топ кууп калышат деп убада беришүүдө.