«Кумтөр Оперейтинг Компанини» Майкл Фишер жетектеп калды

«Кумтөр Оперейтинг Компанини» Майкл Фишер жетектеп калды

Жарыяланган: 02 March 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компанини» Майкл Фишер жетектеп калды«Кумтөр Оперейтинг Компани» 2012-жылдын 2-мартынан баштап компаниянын президентинин милдеттерин аткарууга Майкл Фишер киришкенин билдирет, ал 2009-жылдын мартынан КОКто өндүрүш боюнча вице-президент кызматында иштеп келген. Буга чейин президент болгон Роберт Вандер контракттын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу компаниядан кетүүдө.

Майкл Фишер – Жаңы Зеландияда туулган. Тоо-кен инженери билимин алган. 30 жылдан ашуун иш тажрыйбасына жана тоо-кен өндүрүшүн башкаруу тажрыйбасына ээ. Түштүк Африкада, Австралияда, Папуа-Жаңы Гвинеяда, Чилиде алтын жана түстүү металлдар кендеринде иштеген.

КОКтун өндүрүш боюнча вице-президенти болуп Родни Ступарик дайындалды, ал 13 жылдан ашуун компанияда иштейт. КОКто иштеген мезгилде ал өндүрүштө эмгекти жана саламаттыкты коргоо, өнөр жай коопсуздугу, технологиялык процесстерди өркүндөтүү маселелерине жооптуу болгон. 2009-жылдан баштап Родни «Кумтөр» кен ишканасынын тоо-кен бөлүмүнүн ишин жетектеген.

Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмгө кайрылыңыздар.

Майкл Фишер  менен Роберт Вандер