«Кумтөр Оперейтинг Компани» Барскоон жана Тамга айылдарынын ирригациялык системасын калыбына келтирди

«Кумтөр Оперейтинг Компани» Барскоон жана Тамга айылдарынын ирригациялык системасын калыбына келтирди

Жарыяланган: 27 March 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компани» Барскоон жана Тамга айылдарынын ирригациялык системасын калыбына келтирди Өткөн жылдын күзүндө жүргөн селден улам эки айыл суусуз калган. «Кумтөр Оперейтинг Компани» өзүнүн эсебинен Барскоон жана Тамга айылдарынын ирригациялык каналдарын калыбына келтирүүнү жана реконструкциялоону жүргүздү.

2011-жылдын сентябрында сел алар аркылуу Барскоон жана Тамга айылдарына суу келген каналдарды жууп кеткен. Ал аз келгенсип, Тамга айылынын жашоочулары ичүүчү суусуз да калышты, себеби айылдын суу топтогучу бузулган каналдан толтурулуучу. Жазгы талаа иштери да үзгүлтүккө учуроо коркунучуна кабылган.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» айылдыктардын өтүнүчүнө жооп катары калыбына келтирүү иштерине техника жана адамдарды бөлүп берди. Иштин бир бөлүгү өткөн жылы суук түшкөнгө чейин эле аткарылган. Быйыл мартта каналдын реконструкциясы улантылды. Ушул эле жумада суу эки айылдын ирригациялык системасына келе баштамакчы. Компания каналдарды калыбына келтирүү боюнча бардык иштерди апрелде аяктоо пландаштырууда.

-Жыл сайын биз бүт айыл көтөрүлүп каналды таштандылардан жана таштардан тазалоого чыгабыз, бирок селдин кесепеттерин өз алдынча жое алмак эмеспиз. Биз жардам сурап «Кумтөргө» кайрылдык жана алар жардамга келишти. Каналды калыбына келтирип жана кеўейткенден кийин айылдыктар талаада иштей башташмакчы. Биз ансыз да графиктен артта калып жатабыз. Компаниянын жардамы өз убагында болуп калды, – деп түшүндүрдү Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Бекболот Аккулуев.