«Кумтөр Оперейтинг Компани» кендин жер астындагы участогун андан ары жайгаштыруу боюнча иштерди убактылуу токтото туруу жөнүндө жарыялайт

«Кумтөр Оперейтинг Компани» кендин жер астындагы участогун андан ары жайгаштыруу боюнча иштерди убактылуу токтото туруу жөнүндө жарыялайт

Жарыяланган: 10 August 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компани» кендин жер астындагы участогун андан ары жайгаштыруу боюнча иштерди убактылуу токтото туруу жөнүндө жарыялайт  Бүгүнкү күндөн, 2012-жылдын 10-августунан, баштап “Кумтөр” кен ишканасында анын жер астындагы участогун жайгаштыруу боюнча иштер убактылуу токтотулду. Кен ишканасынын жер астындагы бөлүгүн жайгаштыруу боюнча иштердин убактылуу токтотулуусунун натыйжасында бул участокто иштешкен адамдардын саны 110дон болжол менен 40 адамга, башкача айтканда жер астындагы түшүүчү жерлерди тейлөө жана убактылуу консервация мезгилинде алардын коопсуз ишке жарамдуу абалын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон минимумга чейин кыскартылмакчы. Ошол эле учурда, калган 70 кызматкерди Компания ишкананын башка бөлүмдөрүнө ишке орноштурууга аракеттенет. Мында Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын бардык тиешелүү талаптары сакталмакчы.

Аталган иштерди убактылуу токтото туруу жөнүндө чечим ачык карьердин чектерин мүмкүн болуучу кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтөө максатында жүргүзүлүп жаткан кендин потенциалдуу запастарын утурумдук техникалык-финансылык изилдөөнүн негизинде кабыл алынган. Бүгүнкү күнгө карата жүргүзүлгөн иш үмүттөндүрүүчү натыйжаларды алып келди жана ачык карьердин чектерин олуттуу кеңейтүүнүн максатка ылайыктуулугун көрсөтүүдө, бул карьердин запастарын өстүрүүнү жана кен ишканасын эксплуатациялоонун мөөнөтүн олуттуу узартууну билдирмек. Андан тышкары, кен ишканасы жаңы чектерде өзүнө азыркы SB зонасында иштердин жер астындагы участогунун олуттуу бөлүгүн камтымак, ал тийиштүү капиталдык салымдарды кайра баалоону талап кылмак, мына ошондуктан жер астындагы участокту жайгаштыруу боюнча андан аркы иштер көрсөтүлгөн изилдөөлөрдү биротоло аяктаганга чейин жылдырылды.

Компания изилдөөлөрдү 2012-ж. үчүнчү кварталынын аягына карата аяктоого жана алынган натыйжаларды жарыялоого ниеттенүүдө. Жер астындагы чалгындоочу бургулоо SB зонасынын чектерин тереңдиги боюнча да, ошондой эле жайылышы боюнча да тактоо жана кеңейтүү үчүн улантылмакчы.
Тоо-кен иштери карьерде жана мөңгүнү азайтуу участокторунда улантылат жана, график боюнча, рудага чыгууну ушул жылдын сентябрынын ортосунда камсыз кылууга тийиш. Алтын ылгоочу фабриканын ишмердүүлүгүн азыркы убактылуу токтотуу руданын складдагы запастарынын 2012-ж. июнунда түгөнүүсү менен байланышкан. Фабриканы пландуу токтотуу мезгили ремонттук-техникалык иштерди жүргүзүү үчүн пайдаланылат. Фабриканы токтотуу анда иштеген персоналдын санына эч таасирин тийгизген жок. Компания фабрика ишке кайрадан сентябрдын ортосунда, кайра иштетүү үчүн руда пайда болоор замат киришет деп пландаштырууда.

Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмгө кайрылыңыздар