«Кумтөр Оперейтинг Компани» Кыргызстандын Өкмөтүнө республикадагы жакырчылыкты кыскартууга 21 миллион доллар бөлдү

«Кумтөр Оперейтинг Компани» Кыргызстандын Өкмөтүнө республикадагы жакырчылыкты кыскартууга 21 миллион доллар бөлдү

Жарыяланган: 24 April 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компани» Кыргызстандын Өкмөтүнө республикадагы жакырчылыкты кыскартууга 21 миллион доллар бөлдү
2012-жылдын 23-апрелинде КРнын жаштар, эмгек жана жумуштуулук министри Алиясбек Алымкулов жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын президенти Майкл Фишер меморандумга кол коюшту, ал боюнча компания жакырчылыкты кыскартууга жана жаңы иш орундарын түзүүгө 21 миллион АКШ долларын бөлөт.


Быйылкы жылы 12-апрелде кабыл алынган калктын жумуштуулугуна көмөк көрсөтүү жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча чаралар жөнүндө өкмөттүн токтомуна ылайык, «Ала-Тоо финанс» микрокредиттик агенттиги түзүлгөн. Ал жакынкы болочокто демөөрчүлүк жардамдан микрокредиттерди берүү менен алектенмекчи.

Социалдык коргоо органдарында жана эмгек биржасында каттоодо турган жумушсуздар жана аз мүлктүү жарандар 50 миң сомго чейинки кредиттерди 1 жылга чейинки мөөнөткө 7% үстөк менен ала алышат, бул башка кредиттик уюмдардагыдан төмөн.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, акча каражаттары дыйканчылыкка, мал чарбачылыгына, агро-өнөр жайдагы кайра иштетүүгө, чакан өндүрүшкө, кол өнөрчүлүккө, соодага жана кызматтар чөйрөсүнө жумшала алат.

Жеңилдетилген насыяларды алууну каалагандардын тизмеси курамына жергиликтүү аксакалдар жана активисттер киришкен айыл аймактарынын кредиттик кеңештери тарабынан «Ала-Тоо финанс» МКАга берилмекчи.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтуусу боюнча, Кыргызстан менен алтын өндүрүүчү компаниянын жетекчилигинин ортосунда «түшүнүшүү мамилелери» түзүлгөн.

«Өкмөт социалдык-гуманитардык чөйрөдөгү эки тараптуу мамилелердин мүнөзүнө канааттанат. Меморандумга ылайык, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы өлкөнүн өкмөтү тарабынан жакырчылыкты кыскартуу жана иш орундарын түзүү боюнча жүзөгө ашырылып жаткан учурдагы чараларды колдоо үчүн 21 миллион доллар бөлүүдө», – деп айтты ал.

-Биз каражаттар натыйжалуу, сабаттуу, пропорционалдуу жана рационалдуу бөлүнүүсүнө кызыкдарбыз, – деп билдирди Оторбаев. – Ар бир айыл өкмөтүндө тиешелүү кредиттик союз түзүлмөкчү. Биринчи кезекте акчаны алууга жумушсуздар талаптанышмакчы, алар өздөрүнө алышкан финансылык милдеттенмелерди жабууга жоопкер мамиле жасашмакчы. Бул, «Кумтөр Голд Компани» бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн социалдык-экономикалык курч проблемаларын чечүүгө даяр экендигин көрсөтүүдө. Бул компаниянын ишинин мисалы пайдалуу кендерди казып алуу инвесторлор үчүн да, калк үчүн да пайдалуу боло ала тургандыгын көрсөтүп турат. Ушул эки критерийди сактаган учурда гана кендерди иштетүү адилет жана туура иш боло алат. Биз «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилигине өкмөттүн өлкөдөгү экономикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча аракеттерин түшүнгөндүгү жана колдогондугу үчүн ыраазыбыз.

Вице-премьердин позициясына экономист Самат Алиев да кошулат. Анын көз карашы боюнча, инвесторлор өлкөнүн өнүгүүсүнө жана жарандардын жашоосун жакшыртууга каражаттарды сала алышкан вариант республикада башталып жаткан позитивдүү өзгөрүүлөрдү күбөлөп турат.

«Көптөгөн инвесторлордун Кыргызстандагы ишинин мисалы, тилекке каршы, мурдагы жылдары бийликтин коррупциялашкан өкүлдөрү аларга ар кандай шапкелерди жана параларды төлөөгө мажбурлоо менен алардын колдорун толгогондугун көрсөткөн. Мына ошондуктан коррпуциянын өлчөмдөрү өскөн, а жарандардын көпчүлүгүнүн жашоо деңгээли төмөндөгөн. «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын социалдык-экономикалык демилгесинин мисалы ири инвесторлор өлкө үчүн татаал учурда жарандарга максаттуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин көрсөтүп турат. Мына ошондуктан, мындай инвесторлор биздин өлкөдө иштей алуусун камсыз кылуу зарыл, себеби бул биринчи кезекте мамлекеттин экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртууга таасир этмекчи», – деп белгиледи эксперт.

ММКлардын материалдары боюнча даярдалды

ң