«Кумтөр Оперейтинг Компани» технологиялык жолдогу кыймылдын калыбына келтирилгендиги жөнүндө билдирет

«Кумтөр Оперейтинг Компани» технологиялык жолдогу кыймылдын калыбына келтирилгендиги жөнүндө билдирет

Жарыяланган: 04 June 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компани» технологиялык жолдогу кыймылдын калыбына келтирилгендиги жөнүндө билдирет Ишемби күнү кечинде, 2012-жылдын 2-июнунда, «Кумтөр» кен ишканасы менен транспорттук катнаш калыбына келтирилди.

Республиканын Өкмөтүнүн, Премьер-министрдин аппаратынын, жергиликтүү бийликтердин, ошондой эле «Кыргызалтын» жана «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» өкүлдөрүнүн эки күндүк сүйлөшүүлөрүнөн кийин митингге чыккандардын тобу «Кумтөр» кенине кеткен технологиялык жолду мыйзамсыз жабууну токтотушту. Азыркы убакта кен ишканасы жана компаниянын бардык бөлүмдөрү штаттык режимде иштөөдө.