«Кумтор Оперейтинг Компани» мекемеси жана Бир Айыл – Бир Продукт Ассоциациясы биргелешкен долбоордун башталышы жөнүндө билдирет

«Кумтор Оперейтинг Компани» мекемеси жана Бир Айыл – Бир Продукт Ассоциациясы биргелешкен долбоордун башталышы жөнүндө билдирет

Жарыяланган: 13 June 2012

«Кумтор Оперейтинг Компани» мекемеси жана Бир Айыл – Бир Продукт Ассоциациясы биргелешкен долбоордун башталышы жөнүндө билдирет

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда «Кумтор Оперейтинг Компании» мекемесинин каржылоосу менен Ысык-Көл областынын түштук бөлүгүндөгү жамааттарды активдештирүүгө багытталган долбоор башталды. Бул долбоор «Бир Aйыл-Бир Продукт» (БАБП) ассоциациясы аркылуу ишке ашырылат.

2012-жылдын 5-июнунда мекеме 128 600 АКШ доллар көлөмүндөгү биринчи траншты которуп берди. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында, тараптар кол койгон меморандумдун негизинде ушундай эле көлөмдөгү экинчи транш ассоциацияга күзүндө которулуп берилет.

Долбоордун максаты – жамаатарда болгон ресурстарды колдонуп, кандайдыр бир товарды өндүрүү менен жеке ишкерлердин жана жергиликтүү жамааттардын аракеттерин бириктирүү аркылуу Ысык-Көл областынын экономикалык потенциалын өнүктүрүү.
«Бир Айыл – Бир Продукт» программасынын негизи – жамаат мүчөлөрү өздөрү кандай товарды өндүрүп чыгаргана даяр экенин өздөрү чечишет. Долбоор БАБП ассоциациясын курамындагы 20 айылды жана 30га жакын жергиликтүү жамааттарды камтыйт жана 2013 жылдын март айынын аягында бүтөт.

БАБП программасы бир гана окутуу процессин камтыбайт. Долбоордун катышуучуларына
өздөрү өндүргөн товарды Каракол изилдөө дүкөнүндө жайгаштыруу мүнкүнчүлүгү берилет. Дүкөндөгү сатуу көрсөткүчтөрүнүн негизинде керек болгондой маркетинг жана иш жүргүзүү негиздерин үйрөнүшөт.

Маалымат үчүн:

«Бир Айыл – Бир Продукт» Ассоциациясы Ысык-Көл областык мамлекеттик администрациясы тарабынан ишке ашырылган Бир Айыл Бир Продукт долбоорунун карамагында регионалдык өнүгүү максаты менен областык өндүрүүчүлөрдүн аракети менен түзүлгөн. БАБП ассоциациясынын мүчөлөрү жергиликтүү ресурстарды колдонуу менен уникалдуу товарды өндүрүшөт.

Каракол Изилдөө Дүкөнү (КИД) долбоордун негизинде өндүрүлгөн товарды сатууга арналган соода түйүнү. Ошондой эле, КИД айылдык тургундарга, ишмерлерге жана башка кызыктар болгон жарандарга, жамаатта жайгашкан ишти өнүктүрүү боюнча изилдөө жана окутуу иштерин өткөзүүчү жай.