КЕҢСЕ ЭМЕРЕКТЕРИН САТЫП АЛУУ, ЖЕТКИРҮҮ ЖАНА ОРНОТУУ БОЮНЧА

КЕҢСЕ ЭМЕРЕКТЕРИН САТЫП АЛУУ, ЖЕТКИРҮҮ ЖАНА ОРНОТУУ БОЮНЧА

Жарыяланган: 28 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 7-августу, саат 10:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары “КГК”) кеңсе эмеректерин сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу боюнча баа сунуштарын тапшырууга чакырат.

Сатып алынган товарларга талаптар: Аталышы Саны/даана
1. Жумушчу стол (Техникалык тапшырмага ылайык)           3
2.  Ашкана гарнитуру (топтом) (Техникалык тапшырмага ылайык) 1
3. Бир жарым орундук уктоочу бөлмө гарнитуру (Техникалык тапшырмага ылайык) 4

Коммерциялык сунуштар өндүрүүчүлөрдөн жана түздөн-түз дистрибьюторлордон гана каралат, өндүрүүчүлөрдөн тастыктоо каттары же уруксат күбөлүктөрү берилген шартта. Окшош товарларды жеткирүү боюнча кеминде 2 (эки) жылдык тажрыйбасы бар болуш керек.”

Расмий бланктагы коммерциялык сунуштар  коммерциялык сунушту тапшырган күндөн тартып кеминде 4 жума жарактуу болушу керек жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) Тапшыруу датасы жана Чыг. номери,

2) Жеткирүү шарттары жана эки тарап үчүн тең ыңгайлуу төлөм шарттары, эгер төлөм шарттары – алдын ала төлөө болсо, милдеттүү банк кепилдигин камсыз кылуу.

3) Сатып алуучунун кампасына жеткирүү шарттары, Бишкек, Ибраимов көчөсү, 24/1.

4) Уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мөөрү жана кол коюусу.

Коммерциялык сунушка төмөнкүлөрдү тиркөө керек:

  • Катышуучунун акыркы 2 (эки) жылдагы окшош жеткирүүлөрдүн тизмеси, уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу жана уюмдун мөөрү менен тастыкталган.
  • Окшош жабдуулардын тажрыйбасын тастыктаган кеминде 2 (эки) келишимдин көчүрмөсү.
  • Товарлар үчүн сапат сертификаттары;
  • Уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү:

– Устав

– Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо күбөлүгү

– Салыктык каттоо күбөлүгү

– Салык органдарынан карыздын жоктугу тууралуу күбөлүк

– Толтурулган анкета (№1 Тиркеме)

– Жеткирүүчүнүн маалыматтарын excel форматында толтуруу (№2 Тиркеме)

– Уюмдун атынан кол койгон адамдын ыйгарым укуктары (буйрук, ишеним кат ж.б.)

Бардык документтерди тапшыруу форматы – PDF

Коммерциялык сунуштарды тапшыруу тартиби

Билдирүүнүн темасы “Офис эмеректерин жана жабдууларын сатып алуу, жеткирүү, орнотуу боюнча коммерциялык сунуш” болушу керек жана officemebel_2@kumtor.kg электрондук дарегине гана жөнөтүлүшү керек (көчүрмөгө эч кимди кошуунун кереги жок!!!).

Башка адресаттарга көчүрмөдө жөнөтүлгөн жана 2026-жылдын 7-августунда саат 10:00дон кеч жөнөтүлгөн коммерциялык сунуштар каралбайт!

Башка тактоочу суроолор боюнча төмөнкү электрондук почта аркылуу жазуу түрүндө байланышууга болот: Olga.Turkovskaya@kumtor.kg

 

Тиркемелер:

  1. БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР