Жарыяланган: 17 July 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 24-июлу, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди кеңсе үчүн жасалгалоочу материалдарды жеткирүү боюнча баа сунуштарын суратып өткөрүлүүчү жеткирүүчүлөрдү тандоо процессине катышууга чакырат.
Сунуштарды берүү форматы
Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында даярдалып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек.
Сунуштарды берүү тартиби
Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
Тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:
Жеткирүү жери
DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери
Сыпаттамага толук жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү деп табылат.
«R29286 суроо-талабы (кеңсе үчүн жасалгалоочу материалдар)» деген тема менен сунуштарды Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 24-июлу саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.
Кардар кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу. Мында Кардар баалык сунуш берген катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт.
Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында даярдалып, кол тамга жана мөөр менен бекитилиши керек.
Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин тастыктайт.
Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш бере алат.
Баалык сунуштун жарактуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.
Тандоо мөөнөтүнүн ичинде берилген баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Ушул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg
Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.