КАЛЬЦИЙ ХЛОРИДИН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

КАЛЬЦИЙ ХЛОРИДИН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

Жарыяланган: 28 August 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 14-сентябры, саат 17:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Сизди техникалык тапшырмага ылайык кальций хлоридин жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жол-жобосуна катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Катышуу табыштамасы жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы керек.

Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.

Сунуштарды берүү тартиби

 

Катышуучулар катышуу үчүн табыштаманы орус тилинде даярдап, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө [email protected]  электрондук дарегине 2026-жылдын 14-сентябры Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин жөнөтүү керек.
Катышуу үчүн табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: Төмөнкүлөрдү эске алуу менен коммерциялык сунуш:

∙ Жеткирүү мөөнөтү

∙ Жеткирүү шарттары

∙ Төлөм шарттары

Алдын ала төлөм каралган учурда Жеткирип берүүчү аванстык төлөмдүн суммасына ылайык банктык кепилдик бериши керек.

∙ Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн)

-Өндүрүүчү жөнүндө маалымат.

-MSDS

– Сапат сертификаты

– Техникалык баяндама (сүрөттөрү менен);

· Бардык салыктарды жана Сатып алуучунун кампасына чейин жеткирүүнү камтыган баа (DAP же DDP жеткирүү шарттарында).

Кыргыз Республикасынын резиденттеринен берилген  коммерциялык сунуштар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (СОМ KGS) берилүүгө тийиш экендигине көңүл буруңуздар.

Эгерде Жеткирип берүүчү мурда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка товар жеткирбесе, ал квалификациядан жана аккредитациядан өтүүшү керек. Документтерге шилтеме:

https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/

Баалоо критерийлери: Тандоодон өткөн деп эң төмөнкү бааны, жеткирүүнүн оптималдуу мөөнөттөрүн жана техникалык тапшырмага шайкештикти сунуштаган катышуучунун сунушу таанылат.
Буйрутмачы кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишимди ыйгарууга чейин тандоо жол-жобосун каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу. Мында ал тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме албайт.
Коммерциялык сунуш компаниянын расмий бланкында таризделип, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка даректелип, ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлуп жана компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өзүнүн сунушун берүү менен катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күндү түзүүгө тийиш.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул тандоого байланыштуу бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected]
Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүүгө тийиш.

 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА