Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Маалымат технологиялар дирекциясынын Өнүгүү башкармалыгынын Долбоорлордун кенже менеджери/Кенже бизнес-аналитиги (Бишкек кеңсеси)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-010
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- МТ долбоорлорунун максаттарын, баалуулуктарын (пайдасын), техникалык-экономикалык негиздемесинин расчетун аныктоо;
- Өзгөрүүлөрдү башкаруу (колдонмо программалык камсыздоо боюнча талаптар);
- Бизнести-процесстерди сыпаттоо (as is, to be);
- Системага болгон талаптарды user stories / use cases /маалымат системасына Техникалык тапшырма (ТТ) түрүндө түзүлүшүн башкаруу жана контролдоо;
- МТ долбоорлорунун аткарылышын башкаруу жана контролдоо;
- МТ долбоорлорун жана маалыматтык системаларды өндүрүштүк колдонууга кабылдоо-өткөрүү;
- МT долбоорлорун башкаруу үчүн маалыматтык системаларынын бизнес-процесстерин сыпаттоо жана моделдөө үчүн маалыматтык системаларды тандоо (CASE инструменттери) жана салыштырмалуу анализ;
- Маалымат системаларын тандоо боюнча пилотторго катышуу;
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Маалымат технологиялар/долбоорлорду башкаруу МВА/ колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
- Иш тажрыйбасы:
– маалымат системалары чөйрөсүндө 1 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);
– талаптарды талдоо жана башкаруу, МT-долбоорлорун башкаруу боюнча 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
– маалыматты, ОС, СУБД, колдонмолорду миграциялоо боюнча тажрыйба;
– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;
– долбоорду башкаруу үчүн маалыматтык системалар менен иштөө тажрыйбасы;
– 1 кем эмес бизнес – домендерде/ capabilities (финансы, МТ, логистика, тоо-кен, металлургия тармагында артыкчылыкка ээ);
- Атайын көндүмдөрү жана билими:
– маалыматтык технологиялар, программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли (PMBOK).
– стандарттар, талаптарды башкаруу жана сыпаттоо методикасы, бизнес-процесстерди моделдөө (BABOK, Россия Федерациясынын ГОСТу), контролдоо жана пландаштырылган көрсөткүчтөргө жетишүү;
– Cloud ready жана Cloud-Native applications колдонмолорунун, API Management, микросервистик архитектура боюнча подходдор менен паттерндер;
– SOA (Service – Oriented Architecture) үлгүлөрүн базалык билими;
– нотациялар, CASE инструменттерин колдонуу тажрыйбасы жана бизнес процесстерин моделдөө (DFD, IDEF, UML);
– талаптарды башкаруу аудитин уюштуруу, МТ долбоорлорун башкаруу бюонча көндүмдөрү болуу;
– маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы принциптерин билүү;
– жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.
- Тилдерди билүү:
– орус тилин – эркин билүү;
– кыргыз тилин билүү – кубатталат;
– англис тилин орто деңгээлден жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 28-январь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-010.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.