Эл аралык Ысык-Көл оюндарында пляждык күрөш боюнча биринчи орунду “Кумтөр”компаниясынын кызматкери ээледи

Жарыяланган: 20 September 2021

5-сентябрдан 12-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун Бактуу – Долоноту айылында “Каприз” пансионатынын базасында “Азия-тынчтыктын жана кызматташтыктын региону” деген девиз менен ШКУ, КМШ өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин катышуусу менен ХХ юбилейлик эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндары болуп өттү.

“Кумтөр” компаниясынын өкүлдөрү он жылдан ашуун ушул спорттук мелдештерге катышып келишет. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын волейбол командалары Ысык-Көл оюндарында биздин компанияны татыктуу көрсөтүштү. 40 жашка чейинки эркектердин волейбол командасы топтон чыгып, 17 команданын арасынан 8-орунду ээледи, 40 жаштан жогору эркектер волейбол командасы 7 команда ичинен 4-орунду  ээледи.

Тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн кызматкери жана эркин күрөш боюнча спорт чебери Тилек Ибраев пляждык күрөштүн мыктысы болуп таанылды.

Тилекти бул жетишкендиги менен куттуктайбыз жана мындан да чоң ийгиликтерди багынтууну каалайбыз!

Предыдущая публикация"Центерра Голд" компаниясына Кумтөр кенине толук контролду алып берүү максатында Кыргыз Республикасынын мурдагы жетекчилигинин "Камеко" жана "Центерра Голд" компаниялары менен түзгөн коррупциялык бүтүмү жөнүндө Следующая публикацияКГКнын 2021-жылдын 23-сентябрындагы расмий билдирүүсү
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.