ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 02 June 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 8-июну, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында инженердик-геологиялык бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- «Тоо-кен иши» адистиги боюнча жогорку билим;
- Инженердик геология боюнча негизги билим;
- MS Office (Excel, Word) жана AutoCAD программаларын ишенимдүү деңгээлде билүү;
- Деталдарга көңүл буруу жана аналитикалык жөндөмдөр;
- Алынган билимге ылайык кесиптик жөндөмдөрдү өздөштүрүүгө умтулуу;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Окууга даярдык жана чоң көлөмдөгү маалымат менен иштөө жөндөмдүүлүгү.
Милдеттер:
- Инженердик-геологиялык маалыматтарды чогултууга жана системалаштырууга катышуу;
- Геологиялык маалыматты иштеп чыгууга жана талдоого көмөк көрсөтүү;
- Отчеттук документтерди даярдоо жана тариздөө;
- Картографиялык жана техникалык материалдар менен иштөө;
- Жардыруу иштеринин негизги түшүнүктөрү менен таанышуу;
- Инженерлердин долбоорлор боюнча иштери, инфраструктура объектилеринин схемалык чиймелери менен таанышуу;
- Геологдордун жана гидрогеологдордун иштери менен таанышуу;
- Бөлүмдүн адистеринин учурдагы долбоорлорунун алкагында берилген тапшырмаларды аткаруу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
- Такшалма графиги -5/2
Тандоого катышуу үчүн:
2026-жылы 8-июнда саат 14.00 кечикпестен шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.