Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФтын БЧАжА (байкоо-ченегич алеттер жана автоматташтыруу) бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.
Талаптар:
- “Өлчөө алеттери жана аппаратурасы”, “АСУ ТП системаларынын инженери” багыттарынын биринде жогорку билимге ээ более (ЖОЖду 2021-жылы бүтүрүү);
- Адистиги боюнча иш тажрыйбасы же практика өтүүсү артыкчылыкка ээ болот;
- Инструменттер жана өлчөө алеттер (тестер) менен иштей билүү;
- Базалык билимдери болуу, электр жана электрондук схемаларды окуй билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
- Өндүрүштүк тапшырмалардын өз убагында, толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо;
- Бригаданын курамында иштөө;
- ППИ аткаруу, алеттерди жана аппаратуранын оңдоп-түзөө иштерин аткаруу;
- Өлчөө алеттери жана аппаратуранын техникалык тейлөөсү, өндүрүш процесстерин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу системалары менен таанышуу жана окутуу;
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү-2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-март саат 17.00 кечикпестен, кийинки шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfYqH9zEXIid2ZYrXeDVg13F8AdNhGJkRzMUjKHPwW21RmClQ/viewform
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.