Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Маалымат технологиялар дирекциясынын Өнүгүү башкармалыгынын “Интеграциондук иштеп чыгуулар” тобунун башчысы (Бишкек кеңсеси)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-005
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- МТ Системасынын интеграциондук иштеп чыгуулар боюнча өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгуу жана макулдашуу;
- Жаңы жана бар болгон МТ чечимдери үчүн программалык камсыздоонун интеграциясын өнүктүрүү максатында Компаниянын долбоорлоруна катышуу;
- Интеграциондук иштеп чыгуу боюнча стандарттар менен эрежелерди макулдашуу жана иштеп чыгуу;
- Колдонмо программалык камсыздоосунун жана өзгөрүүлөрдүн интеграциондук бөлүктөрү боюнча МТ стандарттарына, маалыматтык коопсуздук стандарттарына дал келүүсүн текшерүү;
- МТ Системасынын компоненттерин оптималдаштыруу боюнча интеграциондук бөлүктөрү тууралуу сунуштарын иштеп чыгуу;
- Компаниянын колдонмо программалык камсыздоосунда иштеп чыгуулар, тестирлөө, каталарды оңдоо боюнча ички жана тышкы МТ аудитинин эрежелерин жана саясаттарын аткаруусун камсыздоо;
- Жалпы топтун ишин жетектөө;
- КГКнын бизнесс-процесстеринин функцияларына программалык камсыздоонун шайкештик даражасын талдоо.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Билими: Маалымат технологиялар/программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
- Иш тажрыйбасы:
– маалымат системалары чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);
– колдонмо программалык камсыздоону долборлоо жана иштеп чыгуу тармагында 3 жылдан кем эмес ( МТ Системасынын интеграция долбоорлорунда тажрыйба артыкчылыкка ээ);
– МТ долбоорлорунда жана тапшырмаларында Башкы иштеп чыгуучу кызматында – 3 жылдан кем эмес;
– реляциондук СУБД, маалыматты транзакциондук иштеп чыгууну билүү;
– маалыматтык технологиялар, программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча алдыңкы тажрыйбаларды, (COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK) стандарттарын бирин колдонуу;
– API, Cloud and Native сервистерин колдонуу менен микросервистик архитектураны программалоо;
– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө;
- Атайын көндүмдөрү жана билими:
– программалоо тилдеринин (C#, Delphi, Java, VB) биринде объектиге ылайык программалоо;
– МТ Системаларын интеграциялоо (онлайн, оффлайн, автоматтык, жарым автоматтык режимде);
– маалыматты берүү протоколдорун колдонуу (XML, JSON артыкчылыкка ээ);
– стандарттар, процесстер, иштеп чыгуу, тестирлөө инструменттери, процесстердин метрикаларын жана коддун сапатын аныктоо (CI /CD, DevOps техникалык практикалар, Open Stack), пландалган көрсөткүчтөрүнө жетишүү жана көзөмөлдөө;
– SOA (Service – Oriented Architecture) менен иштөө;
– Java (Spring Boot), Golang тилдери жана JavaScript (React, Node.js), ANSI SQL, MS SQL фреймворктору;
– бизнес-системалардын иши (Финансы, Сатып алуулар, Кампа, Техтейлөө, Өндүрүш), тоо-кен ишмердиги, металлургия – артыкчылыкка ээ;
– жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.
- Тилдерди билүү:
– орус тилин – эркин билүү;
– кыргыз тилин билүү – кубатталат;
– англис тилин орто деңгээлден жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 19-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-005.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.