ИШКЕРЛЕР ЖАНА КОММЕРЦИЯЛЫК УЮМДАР ҮЧҮН МААЛЫМАТТЫК СЕССИЯ

Жарыяланган: 19 August 2017

КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫК

Товарлардын номенклатурасын кеӊейтүү жана потенциалдык өнөктөштөрдү тартуу максатында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКу ишкерлерди жана коммерциялык уюмдарды маалыматтык сессияга чакырат
Сессияда төмөнкү суроолор каралат:

• Компаниянын сатып алууларын серептөө;
• Компаниянын материалдарга, товарларга жана кызматтарга болгон муктаждыгы;
• Сатып алынган продукцияга жана жеткирип берүүчү уюм боюнча коюлган талаптар;
• Сатып алуу процедурасы

Катышуучулардын саны чектелген. Катышуу үчүн билдирмелерди төмөнкү электрондук дарекке: Kumtor_localbuyer@kumtor.com «Тема» («Subject») боюнда «Маалымат сессиясы» деп жазып 2017-жылдын 8-сентябрына, саат 17:00 чейин жөнөткүлө.

Билдирмелерде мекеменин/юридикалык жактын толук аты, мекемененин ишмердиги тууралуу кыскача маалымат, катышуучулар тууралуу профилдик маалымат, телефон номерлерин жана электрондук адрестерин камтыган байланыш маалымат көрсөтүлүүсү зарыл.

Бир мекемеден эӊ көп дегенде 2 өкүл катыша алат.

Маалымат сессиянын өтүү дареги жана убактысы түшкөн билдирмелер каралган соӊ айтылат.

Предыдущая публикацияАВТОМАТТЫК ӨРТ СИГНАЛИЗАЦИЯСЫ ЖАНА МОДУЛДУК ӨРТ ӨЧҮРҮҮ СИСТЕМАСЫН ОРНОТУУ ЖУМУШТАРЫНДА КЫЗМАТТАШУУ Следующая публикацияАЗЫРКЫ КАРЬЕРДИК ТЕХНИКАНЫН ДИСПЕТЧЕРЛӨӨ СИСТЕМАСЫН АЛМАШТЫРУУ
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.