«Кумтөр» компаниясынын кызматкерлери Ак-Суу психоневрологиялык үй-интернатына жардам көрсөтүштү

«Кумтөр» компаниясынын кызматкерлери Ак-Суу психоневрологиялык үй-интернатына жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 17 April 2018

«Кумтөр» компаниясынын тоо бөлүмүнүн диспетчердик кызматынын кызматкерлери кайрымдуулук акциясы менен Ак-суу психоневрологиялык үй-интернатына барышты. «Кумтөрдүн Элчилери» алдын ала барып, социалдык мекеменин бейтаптары сейилдөө бут кийим, металлдан жасалган сынбас идиш жана кир-жуучу каражаттарга муктаж экенин аныктаган.

Тоо бөлүмүнүн диспетчердик кызматы, өздөрүнүн кызматкерлери арасында 105 000 сом чогултушкан. Ал каражатка, жайкысын кийүүгө 240 жуп бут кийим, кышкысын кийүүгө 240 жуп бут кийим, сынбаш идиш-аяк жана жууп-тазалоочу каражаттар алынган.

Учурда Ак-Суу психоневрологиялык үй-интернатында республиканын бардык тараптарынан келген 240 аял колдоочу даарылануудан өтүп жатат. Бейтаптардын курагы 18 жаштан 90 жашка чейин. Ооруга чалдыккандардын көбү айыкпас дартка чалдыгып, өмүр боюу ушул үй-интернатына аныкталган.
2018-жылдын 14-апрелинде кумтөрчүлөр Ак-Суу психоневрологиялык үй-интернатынын өкүлдөрүнө гуманитардык жардамды жеткирип барышкан. Үй-интернаттын жетекчилиги «Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирип, алкыш айтышты.