2021-жылдын 19-октябрынан 20-октябрына чейин Бишкек шаарында “Кыргызстандагы илим жана билимдин өнүгүшү: перспективалар” аталышындагы форум өтөт.
Форумдун негизги темасы – Кыргызстандагы билим берүү системасын комплекстүү жаңыртууну талкуулоо. Иш-чара илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү адистерди, бизнес өкүлдөрүн жана активдүү жарандарды бириктире турган аянтка айлантууга багытталган.
Форумдун алкагында төмөндөгү маселелер талкууга алынат:
- Илим жана билим берүү тармагындагы приоритеттүү демилгелер менен инновацияларды аныктоо.
- Кадрларды даярдоодо ийгиликтүү тажрыйбаларды колдонуу.
- «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын Кыргыз Республикасындагы илим жана билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү перспективалары.
Форумда 20дан ашык чет элдик жана кыргызстандык спикерлер сөз сүйлөйт.
Алардын арасында: Улан Дакеев – Сэм Хьюстон университетинин профессору; Маниш Вахи – “Budbeed Learning LLC” компаниясынын негиздөөчүсү; Рысбек Алимов – Йоханнес Гуттенберг университетинин илимий кызматкери ж.б.
Форум «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын демилгеси жана колдоосу астында өткөрүлүүдө.
Иш-чара Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 21 дарегиндеги “Орион” мейманканасында өтөт.
Форумдун башталышы 9:00.
Байланышуу үчүн: Диас Умбеталиев, тел. 0505 445 593, dias.umbetaliev@kumtor.kg