“ИШТЕП ЧЫГУУЛАРДЫН САПАТЫН БАШКАРУУ” ГРУППАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ

Жарыяланган: 05 August 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Иштеп чыгуулардын сапатын башкаруу” группасынын жетекчиси Маалымат технологиялар дирекциясы (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-003 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Тест-сценарийлерди, скрипттерди иштеп чыгуу жана иштеп чыккан жана ишке киргизилген программалык камсыздоолордун автотестирлөөсүн өткөрүү;
  • МТ Системасынын автотестирлөө боюнча өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгуу жана макулдашуу;
  • Автотестирлөө боюнча стандарттар менен эрежелерди макулдашуу жана иштеп чыгуу;
  • МТ Системаларын оптималдаштыруу жана автоматизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • МТ Системаларынын программалык камсыздоосун автотестирлөө процессин өнүктүрүү максатында Өнүгүү башкармалыгынын башка топ башчылары менен МТ долбоорлору жана тапшырмалары боюнча өз ара аракеттешүү;
  • Жалпы топтун ишин жетектөө;
  • “Автотестирлөө” тобунун жумушчулары ортосунда тапшырмаларды бөлүштүрүү;
  • Топтун иш планын аткаруу тууралуу отчетту тапшыруу;
  • Компаниянын бизнесс-процесстеринин функцияларына программалык камсыздоонун шайкештик даражасын талдоо;

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Билими: Маалымат технологиялар/программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– маалымат системалары чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);

– колдонмо программалык камсыздоосунда тест-скрипттерди долборлоо жана иштеп чыгуу боюнча 3 жылдан кем эмес (“Back end иштеп чыгуу” жагында артыкчылыкка ээ).

– МТ долбоорлорунда жана тапшырмаларында Башкы тестировщик кызматында – 3 жылдан кем эмес;

– автотестирлөө системасында;

– маалыматтык технологиялар,  программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу (ITIL, AGILE).

– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;

  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– стандарттар, процесстер, иштеп чыгуу, тестирлөө инструменттери, процесстердин метрикаларын жана коддун сапатын аныктоо (CI /CD, DevOps техникалык практикалар, Open Stack);

– бизнес-системалардын иши (Финансы, Сатып алуулар, Кампа, Техтейлөө, Өндүрүш), тоо-кен ишмердиги, металлургия – артыкчылыкка ээ;

– жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.

  • Тилдерди билүү:

– орус тилин – эркин билүү;

– кыргыз тилин билүү – кубатталат;

– англис тилин орто деңгээлден жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 19-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-003.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.

Предыдущая публикацияМААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН "ИНТЕГРАЦИОНДУК ИШТЕП ЧЫГУУЛАР" ТОБУНУН БАШЧЫСЫ Следующая публикация"ЧОҢ МААЛЫМАТТАР" ТОБУНУН МААЛЫМАТТАР БОЮНЧА УЛУК ИНЖЕНЕРИ
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.