«Кумтөр Голд Компанинин» колдоосуyнда Жети-Өгүз районунун айылдарында ишембиликтер өттү

«Кумтөр Голд Компанинин» колдоосуyнда Жети-Өгүз районунун айылдарында ишембиликтер өттү

Жарыяланган: 28 March 2018

2018-жылы 24-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери, Тамга жана Тосор айылдарынын тургундары, «Иштерман» муниципалдык ишкана өкүлдөрү менен биргиликте ишембилик өткөрүштү. Акция пляждардарда жана айыл жол жээктерин камтыды. Жалпы алганда 3 чакырымдай аянт таштандыдан тазаланды.

Бардыгы болуп жыйноо иштерине 200дөй адам чыкты. Катышуучулар бир нече түзүмгө бөлүнүп, иштеди. Бири- пластик, башкалары- айнек, үчүнчүлөрү – кайра иштетүүгө жарабаган калдыктарды жыйнашты. Жергиликтүү бийлик органдарынын колдоосу менен, сорттолгон таштандыларды компаниянын каржылык колдоосу алдында ишке ашырылуучу «Жашыл чекит» долбоордун негизинде кайра иштетүүгө кабыл алыуучу чекитке жеткиришти. Баардык чогултулган кайра иштетилүүчү заттар эсептелгенден кийин, Бишкекке заводко жөнөтүлмөкчү. Кайра иштетүүдөн түшкөн каражатка «Жашыл чекит» долбоорунун адистери мүшөк, мээлей сыяктуу эмгек куралдарын сатып алып, аларды кийинки акция өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликке өткөрүп беришет.

«Кумтөр Голд Компани» бул сыяктуу ишембиликтерди туруктуу негизде өткөрүп турат. Иш-чарага кошулган жергиликтүү жашоочулардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Алар мындай акциялардын туризмди өнүктүрүүдө да, аймак үчүн да маанилүү экендигин белгилешет.
«Пляжда эс алуудан кийин таштандыларын баштыкка салып, ала кетүү оор эмес. Жердеги пластик жүз жылдан ашуун чирийт, биздин балдар да бул жерде жашашы керек. Тазалык жыйнагандан эмес, чачпаган жерде», – деп «Кумтөр» кендеги коопсуздук кызматынын нөөмөт башчысы Олег Алакионов.

Ишембиликтин активдүү катышуучуларына «Кумтөр Голд Компанинин» атынан эстелик белектер – термос кружкалар, рюкзактар, калемсаптар жана блокноттор, жана ошондой эле эко-баштыктар тапшырылды. Блокноттор болсо кайра иштилген макулатурадан өндүрүлгөн. Сыйлыктар айылдын жашоочуларына ресурстарды колдонуу маселелерине жоопкерчиликтүү кароону эскертип турат.
«Мата кездемеден тигилген баштыктар бир жолку пластик баштыктын альтернативасы, жана пластик колдонууну азайтууга үгүттөйт. Эмкиде соода кылганы барганда, силер эко-баштык алып, жүз жылда чирибеген полиэтилен баштыктарынан баш тартасыңар деп ишенели. Мен бардык жашоочуларды кайра иштетип чыгууга жарактуу таштандыларды биздин кабыл алуу пунктуна өткөрүп турууга чакырам»,- деди «Жашыл чекит» долбоорунун координатору Дмитрий Андреев.