15-МААРАКЕЛИК ЭКОЛОГИЯЛЫК БАЛДАР ЛАГЕРИ

15-МААРАКЕЛИК ЭКОЛОГИЯЛЫК БАЛДАР ЛАГЕРИ

Жарыяланган: 24 July 2019

Ысык-Көлдө «Кумтөр Голд Компанинин» каржылык колдоосу менен «Сарычат-Ээрташ» мамлекеттик коругуна караштуу «Сарычат» коомдук бирикмесинин 15-мааракелик экологиялык балдар лагери өттү.

 

2004-жылдан бери «Эдельвейс» пансионатында Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун аз камсыз, көп балалу жана толук эмес үй-бүлөлөрүнөн балдар эс алып, билим алышат. Экологиялык лагердин окутуу программасы кичи мекендин жаратылышы менен тааныштырып, жаратылышка баруу маданияты жана эрежелерине, биоартүрдүүлүктү сактоо негиздерине үйрөтөт.

Быйыл лагерге Жети-Өгүз районунан 5-6-класстагы 30 окуучу барды. Маанайшат оюндар менен көлгө түшүү арасында балдар «Топография», «Ысык-Көл Биосфералык аймактын учурдагы абалы», «Адамдын турмушунда керектүү жаратылыш ресурстары жөнүндө» сыяктуу сабактарды өтүштү.

Жети-Өгүз районундагы Тамга айылынан келген Адилет алган таасирин бөлүшүп, ага баарынан даамдуу тамактануу менен экология темасындагы оюндар жакканын айтты. Ал эми Барскоон айылынан келген Назгүл, ушундай кызыктуу сабактары бар лагердин жыл сайын болушун каалады. Быйыл «Кумтөр Голд Компани» экологиялык лагерди өткөрүүгө 240 миң сомдон ашуун каражат жумшады.

Экологиялык лагердин жетекчиси Ишенкул Асакеев белгилегенде, лагерь иштеген 15 жылда аз камсыз жана муктаж үй-бүлөлөрдөн 500 дөй бала эс алып, экология багытында билимин өркүндөтүштү. Уюштуруучулардын пикиринде, илим менен көңүл ачуунун айкалышы балдардын көкүрөгүндө мекенге сүйүүнү түптөйт. Ишенкул Асакеевдин айтымында, экологиялык лагерге катышкан бөбөктөрдүн көбү учурда айлана-чөйрөнү коргоо тармагында кесип ээлери болушкан.