ЧАРБАЛЫК ЖАНА КУРУЛУШ ТОВАРЛАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

ЧАРБАЛЫК ЖАНА КУРУЛУШ ТОВАРЛАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 17 September 2026

ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 25-сентябры, саат 12:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди чарбалык жана курулуш товарларын жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо аркылуу жеткирүүчүлөрдү тандоо процессине катышууга чакырат.

Берүү форматы:
Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында берилүүгө тийиш жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.

Сунуштарды берүү тартиби

Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

  1. Квалификациядан жана аккредитациядан өтүшү керек. Документтерге шилтеме: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/
  2. БСны кыргыз же орус тилинде даярдап, электрондук түрдө [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 25-сентябры күнү саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүшү керек.

Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:

  • Жеткирүү мөөнөттөрү;
  • Жеткирүү шарттары;
  • Төлөм шарттары;
  • БСнын жарактуу мөөнөтү сунуш берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн болушу керек;
  • Милдеттүү түрдө: сунушталган товарга сертификат (эгер сертификаттоого тийиш болсо) берилүүгө тийиш.

Акча бирдиги.

  • Резиденттер коммерциялык сунушту улуттук валютада — сом менен берүүгө тийиш;
  • Резидент эмес катышуучулар коммерциялык сунушту каалаган валютада берүүгө укуктуу.

Жеткирүү жери

DDP (DAP), «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:

  1. Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү / Элебаев көчөсү.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери

Сыпаттамага ылайык келген жана эң төмөнкү бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат.

«Суроо-талап № R29374 (чарбалык жана курулуш товарлар)» деген теманы көрсөтүү менен сунуштарды [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 25-сентябрында саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.

Буйрутма берүүчү кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу жана бул үчүн БС тапшырган катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.

Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында даярдалып, кол коюлуп жана мөөр басылышы керек.

Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана баалык сунуш бере алат.

Баалык сунуштун жарактуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Сунуштарды тандоо мөөнөтү ичинде баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул тандоо боюнча бардык суроолор [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.

Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР