Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

24.09.2013 «Жашыл Ой – 2013» эл аралык экологиялык форумунун жыйынтыктары

2013-жылдын 16-сентябрынан 23-сентябрына чейин Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу менен «Жашыл Ой» эл аралык экологиялык форуму болуп өттү. 2013-жылы жарыяланган КМШ мейкиндигиндеги экологиялык маданият жана курчап турган чөйрөнү коргоо жылына арналган «Жашыл Ой» форуму Гуманитардык кызматташтыктын мамлекеттер аралык фондунун камкордугу астында өттү. Иш чаранын демилгечиси «Жаштар демилгелерин өнүктүрүү фонду» болду. Форумдун башкы темасы – «жашыл» ишкердик. Туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук тармагында иштеген адистерди бириктирүү үчүн шарттарды түзүү иш чаранын олуттуу маселелеринин бири болуп калды. Форумдун ишинин жыйынтыктары боюнча катышуучулар жаш адистердин эл аралык тармагын түзүү жөнүндө резолюция кабыл алышты. Форум анда КМШ өлкөлөрүнөн жаш адистер Шериктештик өлкөлөрүнүн мейкиндигинде курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртууга багытталган идеяларды ачык талкуулап жана биргелешкен аракеттерди кабыл ала турган жаратылыш коргоо тажрыйбасын жана мыкты практикаларын алмашуу боюнча өз алдынча аянтча болуп калмакчы. «Кумтөр» компаниясы «Жашыл Ой» эл аралык форумун колдоого кубанычта. Кыргызстан эң кооз жаратылышка ээ, ага дүйнөдө теңдеш жок, мына ошондуктан алар экономикалык, экологиялык жана социалдык жоопкер болуп саналган экологиялык менеджменттин жана туруктуу өнүктүрүү концепциясын колдонуунун оң таасири жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу маанилүү. Муну өзгөчө өлкөнүн жаштарынын, анын болочок лидерлеринин түшүнүүсү өзгөчө маанилүү», – деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын экология боюнча директору Бен Феррис.

26.08.2013 «Чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү» фестивалы Караколдо өтмөкчү

2013-ж. 27 – 28-августунда Каракол ш. “Чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү” музыкалык фестивалы өтмөкчү, ал Ысык-Көл областынын “Теңчилик” майыптар союзунун жана “Назик кыз” КБсынын демилгеси менен уюштурулган. Уюштуруучулар республиканын бардык областтарынан 100дөн ашуун катышуучу келишин күтүшүүдө. Фестивалдын негизги максаты – майыптарга карата стереотиптерди бузуу. Бул чектелген мүмкүнчүлүктөрү бар адамдар үчүн коркууну жеңүү жана өздөрүнүн музыкалык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүү үчүн да эң мыкты ыкма. Фестивалдын программасында эстрадалык, фольклордук жана бий номерлери бар. Антракттар убагында шахматтык турнирлер жана башка мелдештер өткөрүлмөкчү. Конкурстардын жана мелдештердин жыйынтыктары боюнча баалуу сыйлыктар жана грамоталар берилмекчи. “Кумтөр” компаниясы бул иш чараны өткөрүүнү колдоого алды жана фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн каражаттарды бөлдү.