Караколдо бизнес-пландаштыруу боюнча тренинг өттү

Караколдо бизнес-пландаштыруу боюнча тренинг өттү

Жарыяланган: 25 April 2018

2018-жылдын 17-20-апрелинде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында айыл жаштары үчүн бизнес-пландаштыруу боюнча тренинг өттү. Он үч жаш ишкер жана бизнесин өнүктүрүүгө грант алууга талапкерди окутуу «Кумтөр Голд Компани» (КГК) каржылаган жана «FSDS» КФ (туруктуу бизнес үчүн чечимдер) ишке ашырылган долбоордун алкагында уюштурулган.

«Ысык-Көл жаштарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кэңейтүү» биргелешкен долбоору Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун айыл жаштарынын жашоо шарттарын, алардын экономикалык ишмердүүлүгүн колдоо аркылуу жакшыртууга багытталган. Долбоордун алкагында киреше булактарын, ички чарбачылык/айыл чарбачылык эмес жана өндүрүштүк ишмердүүлүктүн түрлөрүн кошкондо, диверсификациалоо демилгелерин колдоо пландаштырылган.

«Кумтөр Голд Компани» менен «FSDS» Коомдук фондунун Ысык-Көл айыл жаштары үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттыруудагы кызматташтыгы Ысык-Көл жаштарына экономикалык мүмкүнчүлүктөр менен жашоого туруктуу каражат булактарын табуу жана колдонууну мүмкүндүгүн көрсөттү. Тренингдердин алкагында 100 жаш жаран ишкерлик көндүмдөрүнө үйрөнүп, бизнестин модулю жана өзүнүн өндүрүмүнүн жана кызматынын ишке ашыруу жолдору менен таанышат. Долбоор Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан жана Тосор, Барскоон айылдарын, жана Тоң районунун Тоң жана Күн-Чыгыш  айылдарын камтыйт.

2016-жылы башталган үч жылдык долбоордун бюджети 200 000 АКШ долларын түздү. Долбоордун иштеген мезгил ичинде беш фермердик топ түзүлүп, 300 дөй фермер окуудан өтүп, 176 фермер Кыргыз Республикасынын органикалык өнүктүрүү Федерация сертификацилоосунан өткөн. Мал чарбачылыктагы жетишкендиктерге жасалма уруктануунун  жаңы ыкмаларына окутуу кирет, ал 68 фермерге уйларынын тукумун жакшыртууга, 10 эт өндүрүүчүгө колбаса компаниясы менен келишим түзүүгө жол берди. Андан сырткары, эки жыр ичинде КФ тажрыйба алмашуу жана «Өрүк Фест» фестивалынын алкагында ишкердик байланыштар үчүн аянт уюштурду.

«Жылдын башында биз айылдын жаш ишкерлери арасында гранттык программага катышууга сыяк жарыялаганбыз. Долбоордун жүрүшүндө, биз 100 жаштарды бизнес-пландаштырууга окутууну жана Ысык-көл облусунун аймагындагы өзүнүн бизнесин өнүктүрүү үчүн КГКдан каржы ала турган, туруктуу жана кызыктуу келечеги бар 10-15 тей бизнес ойду аныктоону пландаштырып жатабыз. Артыкчылык, колдоо жетпеген, аракеттеги бизнес-долбоорго берилет. Потенциалдуу грант алуучулар тарабынан кошо каржылоо, долбоорго катышуунун  шарттарынын бири. Биз, жаш адамдар, өзүнүн үй-бүлөсүнүн кирешелерин жогорулатат, өзүнүн аймагынын жана айылынын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошот, жана балким, кошумча иш орундарын да, түзүшөт деп ишенебиз”, – деп белгиледи, «FSDS» КФнун аткаруучу директору Муратбек Исмаилов.

«Биз облус жаштарындагы ишкерлик көндүрүмдөрдүн өнүгүүсүнө багытталган долбоорду колдоого жана алардын бизнес-ойлору ишке ашуусуна жардам көрсөтүүгө даярбыз. Айыл жаштарынын киреше булактарын түркүндөтүү долбоордун маанилүү аспектиси жана биз анын ийгиликтүү ишке ашуусуна ишенебиз», – деп белгидеди, КГКнын туруктуу өнүктүрүү боюнча директору, Актилек Тунгатаров.

Маалымат үчүн: «FSDS» Коомдук Фонду – бейөкмөт уюм. 2014-жылы түзүлгөн, жана Кыргызстанда базаланган. Өзүнүн миссиясынын алкагында, инклюзивдүү коом аркылуу Кыргызстандын жана Тажикистандын аялуу түзүмдөрүнүн байлыгын жакшыртууга жана аймактардагы адилеттүү экономикалык өнүктүрүүгө умтулат. FSDS  4 негизги багыт боюнча иштейт: мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун ишке ашуусуна жакшы шарттарды түзүү, жумуш мигранттарынын укугун ишке ашыруу үчүн, жергиликтүү коомчулуктун өнүгүүсүнө жана социалдык ишкерликти колдоо. FSDS, ишкерликти жергиликтүү коомчулуктун деңгээлинде колдоо, жакырчылык менен күрөшүүдөгү жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуудагы, таасирдүү ыкмалардын бири деп эсептейт.