БИР ЖАРЫМ КИШИЛИК ЭМЕРЕК ГАРНИТУРАСЫН САТЫП АЛУУ (ОРТОПЕДИЯЛЫК МАТРАЦТУУ КЕРЕБЕТ, КЕРЕБЕТ ЖАНЫНА КОЮЛУУЧУ ТУМБА, КҮЗГҮСҮ БАР ГАРДЕРОБДУК ШКАФ, КОМОД)

БИР ЖАРЫМ КИШИЛИК ЭМЕРЕК ГАРНИТУРАСЫН САТЫП АЛУУ (ОРТОПЕДИЯЛЫК МАТРАЦТУУ КЕРЕБЕТ, КЕРЕБЕТ ЖАНЫНА КОЮЛУУЧУ ТУМБА, КҮЗГҮСҮ БАР ГАРДЕРОБДУК ШКАФ, КОМОД)

Жарыяланган: 07 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 15-июлу, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») бир жарым кишилик эмерек гарнитурасын жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жол-жобосуна катышууга чакырат.

№ Лот1 Аталышы Саны
Сатып алынуучу товардын талап кылынган мүнөздөмөлөрү: Сатып алынуучу товардын талап кылынган мүнөздөмөлөрү:

Бир жарым кишилик эмерек гарнитуру төмөнкү комплектте:

–          Ортопедиялык матрацы бар керебет;

–          Керебет жанына коюлуучу тумба – 1 даана;

–          Күзгүсү бар гардеробдук шкаф;

–          Комод.

Бирдей 4 комплект.

 

  Товардын кеңири сүрөттөлүшү Техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн.  

Коммерциялык сунуштар өндүрүүчүлөрдөн жана түздөн-түз дистрибьюторлордон гана каралат, мында өндүрүүчү тарабынан берилген ырастоочу каттар же авторизациялык сертификаттар берилиши керек. Даяр эмеректерди долбоорлоо, чогултуу жана сатуу жаатындагы иш тажрыйбасы кеминде 2 (эки) жылды түзүшү керек.

Расмий бланкта даярдалган коммерциялык сунуштар (КС) КС берилген күндөн тартып кеминде 4 жума жарактуу болушу жана төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

1) Берилген күнү жана чыгыш номери;

2) Жеткирүү мөөнөттөрү жана эки Тарап үчүн тең ыңгайлуу төлөө шарттары;

3) Жеткирүү шарты: Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, «Кумтөр» алтын кени;

4) Уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын колу жана мөөрү.

Коммерциялык сунушка төмөнкү документтер тиркелиши керек

  • Катышуучунун акыркы 2 (эки) жылдагы окшош жеткирүүлөрүнүн тизмеси көрсөтүлгөн референс-тизмеси, ыйгарым укуктуу адамдын колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн;
  • Окшош жеткирүүлөр боюнча тажрыйбаны тастыктаган кеминде 2 (эки) келишимдин көчүрмөсү;
  • Сапат сертификаттары;
  • Уюштуруучу документтердин көчүрмөлөрү:

– Устав;

– Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүк;

– Салыктык каттоого коюлгандыгы жөнүндө күбөлүк;

– Салык органдарынан карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат;

– Сурамжылоо толтуруу (№1 Тиркеме);

– Жеткирип берүүчүнүн реквизиттерин Excel форматында толтуруу (№2 Тиркеме);

– Уюмдун атынан келишимдерге кол коюучунун ыйгарым укуктарын тастыктаган документ (буйрук, ишеним кат же башка документ).

Бардык документтер PDF форматында берилиши керек.

Коммерциялык сунуштарды берүү тартиби

Электрондук билдирүүнүн темасы: «Эмерек боюнча коммерциялык сунуш – бир жарым кишилик гарнитур» деп көрсөтүлүп, төмөнкү электрондук дарекке гана жөнөтүлүшү керек: mebel2@kumtor.kg (көчүрмөгө башка эч кимди кошпоо керек!!!)

Башка даректер көчүрмөгө кошулуп жөнөтүлгөн коммерциялык сунуштар, ошондой эле 2026-жылдын 15-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дөн кийин келип түшкөн сунуштар каралбайт!

Бардык кошумча тактоочу суроолорду жазуу түрүндө төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз: Olga.Turkovskaya@kumtor.kg

 

Тиркемелер

  1. БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР