БАЖЫЛЫК ТАРИЗДӨӨ БОЮНЧА АДИСТИН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮСҮ
Жарыяланган: 30 June 2025
ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 11-июлу, саат 12:00 чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК кызмат көрсөтүү келишиминин шарттары боюнча бажылык тариздөө боюнча адистин кызмат көрсөтүү кызматына конкурс жарыялайт Балыкчы шаарында (БӨБ).
Электрондук почтага жөнөтүүнү сунуш: balykchy.service2025@kumtor.kg
Милдеттүү талаптар:
Талапкер жарыяга бекитилген тиркемелерди толтурууга тийиш.
Милдеттер:
- Бажы жол-жоболору жана салык отчеттуулугу үчүн зарыл болгон документтерди чогултуу жана текшерүү;
- Товарларга бажы декларациясын (ДТ) даярдоо жана тариздөө;
- МТК кампа-логистикалык тобунун кызматкерлери менен өз ара иштешүү;
- Суроо-талаптарды, түшүндүрүүлөрдү же түзөтүүлөрдү даярдоо, товарларды бажы жол-жобосу менен тариздөө;
- Бажы жана салык органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте товарларды текшерүүгө катышуу;
- Келген жана кеткен товарлар жөнүндө күнүмдүк отчетторду даярдоо;
- Автомобиль транспорту үчүн «TIR CARNET, CMR» каттоо;
- Бош вагондорду жөнөтүүдө темир жол коштомо кагаздарын каттоо;
- Келишимде же ченемдик талаптарда каралган башка документтер.
Атакаруучуга коюлган квалификациялык талаптар:
- Бажы жол-жоболоштуруу тармагында иш тажрыйбасы 3 жыл;
- Мыкты команда жана коммуникациялык жөндөмдүүлүктөр;
- “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
- Кыргыз жана орус тилдеринде адамдар аралык жана жазуу жүзүндөгү баарлашуу жөндөмдүүлүгү;
- ПК (өзгөчө Excel), офистик программаларды жана офистик жабдууларды ишенимдүү колдонуучу;
- Тышкы экономикалык ишмердиктин негиздерин, эл аралык транспорт жана бажы мыйзамдарын билүү;
- Стресске туруштук берүү жана коммуникабелдүүлүк – көп көлөмдөгү маалыматты башкаруу жөндөмдүүлүгү.
Шарттары:
- Иштеген жери: «Кумтөр» Балыкчы Өткөл Базасы, Балыкчы шаары, №9 Нарын шоссеси
- Иш графиги: толук күндүк, беш күндүк иш жумалыгы (5/2), эмгек акысы: аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча.
- Төлөм Аткаруучунун электрондук эсеп-фактураны алгандан кийин 10 банктык күндүн ичинде ишке ашырылат.
Аткаруу документтерин берүү талабы
- Паспорт;
- Соттолбогондугу жөнүндө күбөлүк;
- Жеке ишкердин патентинин же күбөлүгүнүн болушу керек;
- Банк реквизиттери;
- Резюме;
- Төмөнкү тармактардын бири боюнча диплом:
– Логистика жана жеткирүү тармагын башкаруу;
– Экономика жана башкаруу;
– Финансы жана бухгалтердик эсеп.
Документтерди көчүрүп алыңыз:
Общие условия договора
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
Приложение №1
Приложение №2
Приложение №3
Приложение №4