АЛТЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКАСЫНЫН ПЛАНДОО ЖАНА ИНЖИНИРИНГ БӨЛҮМҮНӨ (ИНЖЕНЕРДИК-МЕХАНИКАЛЫК БАГЫТ) ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

АЛТЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКАСЫНЫН ПЛАНДОО ЖАНА ИНЖИНИРИНГ БӨЛҮМҮНӨ (ИНЖЕНЕРДИК-МЕХАНИКАЛЫК БАГЫТ) ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 24 November 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 8-декабры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК  жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында алтын ылгоочу фабрикасынын пландоо жана инжиниринг бөлүмүнө (инженердик-механикалык багыт) эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Инженер-механик же ушул сыяктуу багыттар боюнча жогорку техникалык билим;
  • Өнөр жайлык жана айлануучу жабдуулардын түзүлүшү боюнча негизги билимдер;
  • Вибрациянын, жылуулук өткөрүүнүн жана техникалык диагностикасынын негиздерин түшүнүү;
  • Техникалык документация менен иштөө көндүмдөрү;
  • Microsoft Office программаларын ишенимдүү деңгээлде билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Ишке кылдат мамиле кылуу, жоопкерчилик, үйрөнүүгө жөндөмдүүлүк жана вахталык негизде14/14 күн графиги боюнча такшалма өтүүгө даярдык.

Милдеттер:

  • Жабдуулардын абалын диагностикалоо боюнча инспекциялык иш-чараларга катышуу (вибрациялык талдоо, термография, НК);
  • Диагностикалык маалыматтарды чогултуу, каттоо жана баштапкы талдоону жүргүзүү;
  • Жабдуулардын иштөөсүндөгү четтөөлөрдү жана мүмкүн болуучу бузулууларды аныктоого катышуу;
  • Текшерүүлөрдүн маршруттарын, отчетторду жана техникалык сунуштарды даярдоого катышуу;
  • Жабдуулардын техникалык абалы боюнча маалыматтар базасын жүргүзүү жана актуалдуу абалда кармоо;
  • Эмгекти коргоо, өнөр жай коопсуздугу жана өндүрүштүк коопсуздук боюнча талаптарды сактоо.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма;
  • Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени;
  • Такшалма графиги – 14/14.

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 8-декабрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат