«Кумтөр» компаниясынын инженердик-геологиялык бөлүмүнүн кызматкерлери майып балдарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 22 December 2017

«Кумтөрдүн Элчилери» программасынын алкагында инженердик-геологиялык кызматкерлер тарабынан кезектеги кайрымдуулук акциясы ишке ашты. Чогултулган каражатка мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 11 жаңы майып арабалары жана азык-түлүктөр белекке берилди.

Мындай жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмегин «Элим, барсыңбы?» кайрымдуулук фонду сунуштаган. Учурдагы иш-чара Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө арналды.

Ошондой эле, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө, кичинекей балдары бар эки жалгыз бой энелерге да жардам көрсөтүлдү. «Элим, барсыңбы?» фонду уюштурган «Жылуулук тартуула» кайрымдуулук акциясынын алкагында аларга көмүр жеткирилип берилди.

Предыдущая публикация«Кумтөр» компаниясынын персоналды өнүктүрүү жана административдик суроолор боюнча бөлүмү туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматташтыгында Бишкек шаарында компаниянын кызматкерлеринин балдары үчүн кезектеги «Коопсуздук жана Жолдо Жүрүүнүн эрежелери» тренингин өткөрүштү Следующая публикация«Кумтөрдүн Элчилери» Балыкчы шаарындагы жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.