МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 29 October 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 11-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында медициналык бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Медициналык билим (орто же жогорку медициналык билим, жалпы иш стажы 3 жылдан кем эмес болушу керек);
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, Microsoft Office, Google Docs, Zoom программаларын билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
- Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
- Тактык жана командада иштей билүү;
- Эмгек ишмердүүлүгүн аткарууга медициналык жактан жарамдуу болуп, жакшы физикалык формага ээ болуу.
Милдеттер:
- Ар кандай медициналык документацияны жүргүзүү;
- Вахтага чейинки жана жыл сайын өткөрүлүүчү медициналык кароолор боюнча документацияны жүргүзүү;
- КГКнын кызматкерлерине баштапкы, жылдык жана кезексиз медициналык кароолордон өтүү учурунда алынган медициналык сунуштар боюнча документтерди жүргүзүү жана көзөмөлдөөдө дарыгерлерге жардам көрсөтүү;
- Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча баракчаларды каттоо жана көзөмөлдөө;
- Рейске чыгар алдындагы медициналык кароолорду жүргүзүү;
- “КГК” ЖАКнун кызматкерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүү.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма;
- Такшалманын узактыгы – эки жылга чейин;
- Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе;
- Такшалманын графиги – 5/2.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2026-жылдын 11-ноябрында 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.