ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 28 October 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • «Металлургия», «Пайдалуу кен байлыктарды байытуу» багыттары боюнча жогорку билим;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу жана Microsoft Office программаларын билүү;
  • Окууга жана жаңы билимдерди, көндүмдөрдү өздөштүрүүгө даяр болуу;
  • Демилгелүүлүк жана кесиптик өнүгүүгө умтулуу;
  • Аткаруучулук, жоопкерчилик жана тартиптүүлүк;
  • Командада иштей билүү жана кесиптештер менен натыйжалуу иштешүү мүмкүнчүлүгү;
  • Жакшы дене түзүлүш, дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук.

Милдеттер:

  • Өндүрүштүк коопсуздуктун талаптары жана иштерди коопсуз аткаруу ыкмалары боюнча окуудан өтүү;
  • «Кумтөр Голд Компани» ЖАК ченемдерин, саясаттарын жана жол-жоболорун сактоо;
  • Ишкананын технологиялык процесстерин изилдөө;
  • Технологиялык схемалардын, аппараттардын жана жабдуулардын схемаларын изилдөө;
  • Изилдөө жана тажрыйба-аналитикалык иштерди аткарууга катышуу;
  • Технологиялык лабораториянын ички процесстерин жана жол-жоболорун өздөштүрүү;
  • Иштеп жаткан өндүрүш шарттарында иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма;
  • Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
  • Такшалманын өтүү жери – Кумтөр кени;
  • Такшалманын графиги – 14/14.

Тандоого катышуу үчүн:

2026-жылдын 10-ноябрында саат 16:00 кечикпестен шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.