МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 28 October 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку билими бар;
- Компьютерди жана кеңсе техникаларын ишенимдүү колдонуу көндүмдөрүнө ээ;
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- Аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ;
- Маалыматты талдап, негиздүү жыйынтык чыгара билүү;
- Жоопкерчиликтүү, бир нече тапшырманы бир учурда аткаруу жөндөмүнө ээ;
- Милдеттерди өз убагында жана натыйжалуу аткаруу, убакытты туура башкара билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаңы билимдерди өздөштүрүүгө умтулуу;
- Проактивдүү иш алып баруу жана кесиптик өнүгүүгө кызыгуу.
Милдеттер:
- Насаатчынын жетекчилиги астында подряддык уюмдардын кызматкерлерин жана техникаларын түшүрүү/көтөрүү боюнча өтүнмөлөрдү даярдоого катышуу;
- Подряддык уюмдардын кызматкерлерин окутуу боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алууга жана жол-жоболоштурууга көмөк көрсөтүү;
- Жаңы кызматкерлердин документтерин кабыл алууга жана алардын белгиленген талаптарга шайкештигин баштапкы текшерүүгө катышуу;
- Подряддык уюмдардын жаңы техникаларын каттоо иштерине көмөк көрсөтүү;
- Күнүмдүк отчеттуулукту түзүү үчүн маалыматтарды чогултуу жана берүү;
- Кызматкерлердин жеке документтерин жана бөлүмдүн документациясын архивдик эсепке алуу иштерине катышуу;
- Компаниянын өндүрүштүк-уюштуруучулук түзүмү жана бөлүмдүн ишмердүүлүгү менен таанышуу;
- Насаатчынын тапшырмасы жана көзөмөлү астында компаниянын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү;
- Күнүмдүк отчетторду даярдоого, иштеп чыгууга жана андан ары жөнөтүү үчүн жалпыланган маалыматтарды түзүүгө көмөк көрсөтүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма;
- Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени;
- Такшалма графиги – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 10-ноябрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.