Жарыяланган: 27 October 2026
Компаниянын кирешеси 1 миллиард доллардан ашып, таза пайдасы үч жылда үч эсеге өстү.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК каржылык көрсөткүчтөрүн жакшыртууну туруктуу түрдө улантууда. 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында компания мамлекетке салыктар, дивиденддер жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 627 млн 824 миң АКШ долларын которду. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөн эки эсе көп. 2025-жылдын 9 айында мамлекетке жалпысынан 309 млн 904 миң АКШ доллары төлөнгөн.
Компаниянын башка негизги каржылык көрсөткүчтөрү боюнча да оң динамика байкалууда.
Алсак, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кумтөрдүн жалпы кирешеси миллиард доллардан ашып, 1 млрд 12,8 млн АКШ долларын түздү. Салыштыра кетсек, 2025-жылдын ушул эле мезгилиндеги жалпы кирешеси 735,8 млн АКШ долларына жеткен. Демек, өсүш дээрлик 38 пайызды түздү.
Ал эми 2024-жылдын тогуз айында компаниянын жалпы кирешеси 579,8 млн АКШ доллары, 2023-жылы 558,2 млн АКШ доллары болгон. Ошентип, бул көрсөткүч үч жыл ичинде 80 пайыздан ашык өстү.
Компаниянын таза пайдасы да кыйла көбөйдү. 2026-жылдын тогуз айындагы таза пайда 548,4 млн АКШ долларына жетти. 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 320,2 млн АКШ долларын түзгөн жана өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы көрсөткүч 71 пайызга жогору болду.
Таза пайданын акыркы жылдардагы өсүү динамикасы да өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Мисалы, 2023-жылдын тогуз айында Кумтөрдүн таза пайдасы 173,2 млн АКШ долларын, 2024-жылы 216,6 млн АКШ долларын түзсө, быйыл 9 айда жарым миллиард доллардан ашты.
Натыйжада компаниянын таза пайдасы үч жылдын ичинде үч эседен ашык көбөйдү.
Салык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча да олуттуу өсүш байкалууда. 2026-жылдын январь-сентябрь айлары үчүн Кумтөр бюджетке 277,8 млн АКШ долларын салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө төктү. Бул 2025-жылдын ушул эле мезгилиндеги 159,9 млн АКШ долларына салыштырмалуу дээрлик 74 пайызга көп. Салыштыра кетсек, бул төлөмдөрдүн көлөмү 2024-жылдын тогуз айында 114,7 млн АКШ долларын, 2023-жылы 124,2 млн АКШ долларын түзгөн.
Жыйынтыктап айтканда, 2026-жылдын тогуз айындагы каржылык көрсөткүчтөр «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгү туруктуу оң нукта өнүгүп жатканын көрсөттү. Жалпы киреше менен таза пайданын өсүшү, мамлекетке төлөнгөн каражаттардын да олуттуу көбөйүшү – компаниянын Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымы жылдан жылга артып жатканын айгинелейт.