“КУМТӨР” КЕНИНИН ВАХТАЛЫК ПОСЕЛОГУНУН ТУРАК ЖАЙ БЛОКТОРУН ЖЫЛЫТУУ ЖАНА ЫСЫК СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО СИСТЕМАСЫН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО ДОЛБООРУ БОЮНЧА ЖЫЛУУЛУК НАСОСТОРУНУН СИСТЕМАСЫН ДОЛБООРЛОО, ЖЕТКИРҮҮ, МОНТАЖДОО ЖАНА ИШКЕ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ИШТЕРДИ АТКАРУУ
Жарыяланган: 08 September 2026
АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 21-сентябры, саат 15:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК кызыкдар уюмдарды тиркелген Техникалык тапшырмага ылайык “КУМТӨР” КЕНИНИН ВАХТАЛЫК ПОСЕЛОГУНУН ТУРАК ЖАЙ БЛОКТОРУН ЖЫЛЫТУУ ЖАНА ЫСЫК СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО СИСТЕМАСЫН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО ДОЛБООРУ БОЮНЧА ЖЫЛУУЛУК НАСОСТОРУНУН СИСТЕМАСЫН ДОЛБООРЛОО, ЖЕТКИРҮҮ, МОНТАЖДОО ЖАНА ИШКЕ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ИШТЕРДИ АТКАРУУГА коммерциялык сунуштарды берүүгө чакырат.
Сунуштарды берүүнүн тартиби
Коммерциялык сунуш тиркелген Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык даярдалып, электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек:
[email protected] Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 21-сентябры саат 15:00гө (Бишкек убактысы боюнча) чейин.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн же башка электрондук почта дарегине жөнөтүлгөн коммерциялык сунуштар каралбайт.
Коммерциялык сунушта төмөнкүлөр камтылышы керек
Техникалык бөлүм
- сунушталган техникалык чечимдин сыпаттамасы;
- сунушталган системанын алдын ала концепциясы (схемасы);
- өндүрүүчүлөрдү жана моделдерди көрсөтүү менен сунушталган жабдуулардын жана материалдардын тизмеси;
- жабдуулардын жана материалдардын алдын ала спецификациясын;
- жумуш көлөмдөрүнүн алдын ала ведомосту (ЖКВ);
- системанын талап кылынган жылуулук кубаттуулугун эсептөө;
- белгиленген жана максималдуу керектелүүчү электр кубаттуулугун эсептөө;
- окшош иштерди аткаруу тажрыйбасы жөнүндө маалымат;
- кепилдик милдеттенмелери жана сервистик колдоо жөнүндө маалымат.
Финансылык бөлүк
- долбоорлоонун наркы;
- жабдуулардын жана материалдардын наркы;
- монтаждоо иштеринин наркы;
- ишке киргизүү-жөнгө салуу иштеринин наркы;
- иштерди аткаруунун жалпы наркы;
- төлөм шарттары;
- жабдууларды жеткирүү жана жумуштарды аткаруу мөөнөттөрү;
- коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү 60 календардык күндөн кем эмес.
Сунуштун валютасы
- Кыргыз Республикасынын резиденттери финансылык сунушту кыргыз сомунда (KGS) беришет.
Кыргыз Республикасынын резидент эместери финансылык сунушту чет өлкө валютасында берүүгө укуктуу. Сунуштарды баалоо жана салыштыруу максатында Заказчы мындай сунуштарды сунуштарды кароо күнүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча кыргыз сомуна кайра эсептөөгө укуктуу.
Кошумча маалымат
- Жумуштар Техникалык тапшырмага ылайык “ачкыч менен даярдоо” шарттарында аткарылууга тийиш.
- Коммерциялык сунушту даярдоо үчүн кызыкдар катышуучуларга суроо-талап боюнча жабдуулардын алдын ала спецификациясын, жумуштардын көлөмдөрүнүн ведомостун (ЖКВ) жана нарктык эсептөөнү иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон Буйрутмачыда болгон баштапкы маалыматтар жана техникалык документтер берилиши мүмкүн. Аталган документтер Купуялуулук жөнүндө макулдашууга (NDA) кол коюлгандан кийин берилет.
- Коммерциялык сунуш катышуучунун расмий бланкында таризделиши керек.
- Ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.
- Буйрутмачы ар кандай коммерциялык сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле катышуучулардын алдында милдеттенмелерди албастан баа сунуштарын суроо жол-жобосун жокко чыгарууга укуктуу.
Байланыш маалыматы
Ушул сурамга байланыштуу суроолор боюнча катышуучулар [email protected] электрондук почта дарегине кайрыла алышат.
Шарттарды түшүндүрүүгө суроо-талаптар сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат.
Тиркеме: “Кумтөр” кенинин вахталык поселогунун турак жай блокторун жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системасын модернизациялоо долбоору боюнча жылуулук насосторунун системасын жеткирүүгө жана монтаждоого техникалык тапшырма.