ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 02 September 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 15-сентябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында инженердик-геологиялык бөлүмгө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Талаптар:

  • Төмөнкү адистиктер боюнча жогорку билим: «Тоо–кен иши», «Тоо-кен иштерин ачык ыкма менен иштетүү», Маркшейдердик иш, гидрогеология, Геология, тоо-кен өндүрүшүнүн физикалык процесстери;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болот;
  • Microsoft Office жана AutoCAD программаларын ишенимдүү колдоно билүү;
  • Алган билимине ылайык кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө умтулуу;
  • Позитивдүү эмоционалдык мамиле;
  • Инсандык сапаттар: эмгекчилдик, аткаруучулук, командада иштөө жөндөмдүүлүгү;
  • Белгиленген график боюнча иштөөгө даярдык;
  • Бийик тоолуу кенде иштөөгө жакшы физикалык формада жана медициналык жактан ылайыктуу болуу.

Милдеттер:

  • Геодезиялык аспаптарды, инструменттерди жана аларды колдонууну өздөштүрүү жана үйрөнүү;
  • Коопсуз маркшейдердик съемкаларды жүргүзүү жана геодезиялык аспаптарды колдонуу менен картага түшүрүү;
  • Шламдык үлгүлөрдү алуу жана тандоо боюнча методиканы, ошондой эле алынган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу принциптерин үйрөнүү;
  • Уступтардын структуралык өзгөчөлүктөрүн картага түшүрүү жана документтештирүү боюнча негизги көндүмдөрдү өздөштүрүү;
  • Карьердин бортторуна байкоочу пункттарды орнотуу жана съемка жүргүзүү, пьезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу боюнча нускамаларга ылайык иштерди коопсуз аткаруу;
  • Калдык сактоочу чарбанын объекттерине коюлган бардык талаптарды аткаруу;
  • Маалымат базасын камсыз кылуу жана өндүрүш процесстерин изилдөө боюнча отчет берүү боюнча жалпы түшүнүктөр;
  • Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктөрү менен таанышуу. Жарылуунун сапатына тоо тектеринин физикалык-механикалык касиеттеринин жана ввр параметрлеринин таасири;
  • Тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн жумалык планын түзүү методикасын үйрөнүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – “Кумтөр” кени
  • Такшалма графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

2026-жылы 15-сентябрьда саат 16.00 кечикпестен шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.