ЖҮКТѲГҮЧТѲРДҮ ОҢДОО ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛѲѲ КЫЗМАТЫН КѲРСѲТҮҮ БОЮНЧА ЭКИ ПАКЕТТҮҮ ЧЕКТӨӨСҮЗ СЫНАК

ЖҮКТѲГҮЧТѲРДҮ ОҢДОО ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛѲѲ КЫЗМАТЫН КѲРСѲТҮҮ БОЮНЧА ЭКИ ПАКЕТТҮҮ ЧЕКТӨӨСҮЗ СЫНАК

Жарыяланган: 28 August 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 7-сентябры, саат 15:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).


Эки пакеттүү четѳѳсүз сынакка катышууга чакыруу

Кардар: “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын “Шиналарды кайра иштетүүчү завод” филиалы (мындан ары – “ДКЗ”) сиздерди техникалык талаптарга ылайык жүк көтөрүүчү автоунааларды оңдоо жана техникалык тейлөө кызматтарын көрсөтүү боюнча сынакка катышууга чакырат (3 жылдык алкактык келишим).

Атаандаштыкка жөндөмдүү сунушту берүү үчүн негизги талаптар:

– Төмөнкү документтер берилиши керек:

№1-топтом, анын ичинде:

  1. Толтурулган №1-тиркеме (Абийирдүүлүк жана коррупцияга каршы жобо жөнүндө декларация).
  2. Толтурулган №2-тиркеме (Тендердик сунушту камсыздоо декларациясы).
  3. Толтурулган №3-тиркеме (Катышуучунун анкетасы).
  4. Толтурулган №4-тиркеме (Сурамжылоо баракчасы).
  5. Толтурулган №5-тиркеме (Соттук териштирүүлөр жөнүндө маалымат).
  6. Толтурулган №6-тиркеме (Квалификациялык маалыматтар).
  7. Уюмдун уставы.
  8. Уюмдун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим.
  9. Юридикалык жактын же жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк.
  10. Салык боюнча карыздын жоктугун тастыктоочу күбөлүк.
  11. Акыркы эки жылдын ичинде окшош кызматтарды көрсөтүү боюнча түзүлгөн кеминде эки келишим.
  12. 2025-жыл жана 2026-жылдын биринчи жарымы үчүн акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет жана бухгалтердик баланс.

№ 2-пакет

 “Коммерциялык сунуш” деп аталган өзүнчө файл түрүндө берилиши керек. Толтурулган № 7-тиркемени (Коммерциялык сунуш) камтыган

– Документтер PDF форматындагы сканерленген көчүрмөлөр түрүндө берилиши зарыл.

– Бардык документтер бир убакта [email protected] электрондук почта дарегине 2026-жылдын 7-сентябрында саат 15:00дөн (Бишкек убактысы боюнча) кечиктирилбестен жөнөтүлүшү керек.

Сураныч, документтердин жалпы көлөмү 25 МБдан ашпашы керектигин эске алыңыз.

– Сынактын алкагында берилген бардык документтер купуя деп эсептелет.

– Катышуучу арыз берүү менен Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

ДКЗ кошумча тастыктоочу документтерди талап кылуу же берилген маалыматты текшерүү укугун өзүнө калтырат. Эгерде так эмес маалымат аныкталса, арыз четке кагылат.

Эгерде катышуучуда бул чакырууга байланыштуу кандайдыр бир суроолор жаралса, ал квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде үч жумушчу күн калганда [email protected] электрондук дареги аркылуу түшүндүрмө сурай алат. Түшүндүрмөлөр суроо-талап келип түшкөндөн кийин үч (3) календардык күндөн кечиктирилбестен, суроо-талап жөнөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүлөт.

Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин, катышуучулар өздөрүнүн документтерине эч кандай өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизе алышпайт.

Тандоо катышуучулары тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кечирээк берилген сынак сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт. КГК талаптарга жооп бербеген ар кандай арызды четке кагууга укуктуу. Документтерди берүү сатып алуу процедурасынын кийинки этаптарына катышууга кепилдик бербейт. Эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе, Заказчик квалификациялык документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтүн кийинки мөөнөткө жылдырышы мүмкүн, бул тууралуу Заказчик ушул сынак өткөрүү жөнүндө жарыяланган жерде, Заказчиктин расмий сайтында https://www.kumtor.kg/ru/ тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу маалымдайт.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР