Жарыяланган: 13 July 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 20-июлу, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди Autodesk лицензияларын узартуу жана сатып алуу, анын ичинде specialized toolsets боюнча котировкаларды суроо ыкмасы менен өткөрүлүүчү тандоого катышууга чакырат.
| Сатып алуунун предмети | Autodesk лицензияларын узартуу жана сатып алуу, анын ичинде specialized toolsets, лоттор боюнча:
Лот №1. Узартуу Contract #110005047951 (11 даана) Autocad анын ичинде specialized toolsets Лот №2. Узартуу Contract #110004838143 (2 даана) Civil 3D Лот №3. Узартуу Contract #110005047951 (1 даана) Civil 3D Лот №4. Узартуу Contract #110005047951 (2 даана) Revit Лот №5. Сатып алуу 4 даана Autocad анын specialized toolsets Лот №6. Сатып алуу 3 даана Civil 3D Лот №7. Сатып алуу 4 даана Revit Лот №8. Сатып алуу 1 даана Autodesk Navisworks Manage |
| Техникалык тапшырма: | Техникалык тапшырма №1 тиркемеде көрсөтүлгөн жана ушул котировкаларды суроонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. |
| Берүү форматы: | Катышууга табыштама жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек.
Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында берилүүгө тийиш (баалар таблицасы кошумча .xlsx форматында да берилсин). Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек. |
| Сунуштарды берүү тартиби | Катышуучулар тандоонун талаптарына ылайык катышууга табыштаманы кыргыз тилинде даярдап, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө Aknazar.Kabylbekov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 20-июлу, саат 14:00гө чейин жөнөтүшү керек.
Башка электрондук дарекке жөнөтүлгөн коммерциялык сунуштар каралбайт. Катышуучу Буйрутмачы берген Техникалык тапшырмага ылайык табыштаманын баасын камтыган коммерциялык сунуш берүүгө милдеттенет. |
| Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: | Коммерциялык сунуш төмөнкүлөрдү эске алуу менен берилет:
∙ иштерди аткаруу мөөнөттөрү; ∙ төлөм шарттары; ∙ коммерциялык сунуштун колдонуу мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн, мүмкүн болушунча узак мөөнөт). |
| Жеткирилүүчү товарларга, аткарылуучу иштерге жана көрсөтүлүүчү кызматтарга коюлуучу талаптар | Жеткирип берүүчүдө Autodesk программалык камсыздоосун өндүрүүчү менен өнөктөштүк макамы болушу керек; бул макам Autodesk программалык камсыздоосун өндүрүүчүнүн авторизациялык каты же башка расмий документи менен ырасталууга тийиш. |
| Баалоо критерийлери: | Бардык квалификациялык талаптарга жана Техникалык тапшырманын шарттарына жооп берген, ошондой эле эң оптималдуу шарттарды сунуштаган катышуучуга артыкчылык берилет. |
| Темасы «КС ЛОТ№… Autodesk» деп көрсөтүлгөн сунушту Aknazar.Kabylbekov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 20-июлу, саат 14:00дөн кечиктирбестен жөнөтүү керек. | |
| Буйрутмачы тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме албай туруп, кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин тандоо процессин каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу. | |
| Коммерциялык сунуш расмий бланкта болушу керек. | |
| Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экенин билдирет. Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат. Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек. Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтү ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Ушул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Aknazar.Kabylbekov@kumtor.kg | |
| Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек. | |
Тиркемелер: