КУМТӨР КЕНИНДЕГИ ЖЕР АСТЫНДАГЫ ШАРТТАРДА КЕН КАЗУУ ЖАНА КУРУЛУШ-МОНТАЖДОО ИШТЕРИН АТКАРУУ БОЮНЧА

КУМТӨР КЕНИНДЕГИ ЖЕР АСТЫНДАГЫ ШАРТТАРДА КЕН КАЗУУ ЖАНА КУРУЛУШ-МОНТАЖДОО ИШТЕРИН АТКАРУУ БОЮНЧА

Жарыяланган: 26 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 28-июлу, саат 10:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Кумтөр кениндеги жер астындагы шарттарда кен казуу жана курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу боюнча чектелген катышуусу бар кайталап өткөрүлүүчү конкурсту уюштуруу үчүн алдын ала квалификациялык тандоого катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Алдын ала квалификациялык тандоого катышуу үчүн конкурстук табыштамага жана башка документтерге кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек.  Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек.  Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.
Сунуштарды

тапшыруу тартиби

 

Катышуу боюнча сунуш

Конкурстун катышуучулары алдын ала квалификациялык тандоого катышуу боюнча өз сунуштарын конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде даярдап, каттын темасында «кен казуу иштерин аткаруу» деп көрсөтүү менен, зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө Underground-new-2026@kumtor.kg электрондук  дарегине 2026-жылдын 28-июлу саат 10:00гө чейин жөнөтүшү керек.

Техникалык тапшырма жана эскиздик долбоор алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн катышуучуларга гана жана кол коюлган Купуялуулук жөнүндө макулдашуу (NDA) берилгенден кийин гана берилет.

Катышууга сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек: 1.      Алдын ала квалификациялык тандоого катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат
2.      Иш тажрыйбасы кеминде 5 жыл болушу керек (аткарылган келишимдердин көчүрмөлөрүн, аткарылган иштер боюнча актылардын көчүрмөлөрүн, ошондой эле аткарылган объектилер боюнча иштердин жүрүшүн чагылдырган фото жана видеоматериалдарды тиркөө менен).
3.      Подрядчы төмөнкү иштер боюнча окшош объектилерде иш тажрыйбасына ээ болушу керек: кен капиталдык иштерин, кен даярдоо иштерин жана кесүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле «катмарлап казып алуу жана иштелип чыккан боштуктарды толтуруу» системасы менен же ушул системага окшош ыкмалар менен кен иштерин аткаруу (келишимдердин жана аткарылган иштердин актыларынын көчүрмөлөрү, иштердин жүрүшүн жана аткарылган объектилерди тастыктаган фото жана видеоматериалдар менен ырасталышы керек).

4.      Белгиленген тартипте аттестациядан өткөн, тиешелүү билими бар квалификациялуу жумушчу кадрлардын жана инженердик-техникалык кызматкерлердин (ИТК) болушу керек, анын ичинде:

·         Башкы инженер;

·         Башкы инженердин орун басары;

·         Кен участогунун башчысы;

·         Кен участогунун башчысынын орун басары;

·         Механик;

·         Энергетик;

·         Пландоо боюнча инженер;

·         Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча инженер;

·         Эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу боюнча инженер;

·         Маркшейдер.

5.      Наличие собственного или арендованного специально горно-шахтного оборудования:

– самоходные буровые установки для проходки горных выроботок (СБУ)

– погрузодоставочные машины (ПДМ)

– шахтный автосамосвал

– подземная установка  для нанесения торкрет-бетонной смеси

– подземный ножничный подъемник

  1. Өзүнө таандык же ижарага алынган атайын тоо-кен шахталык жабдуулардын болушу керек, анын ичинде:
  • тоо-кен казмаларын өтүү үчүн өзү жүрүүчү бургулоо орнотмолору (ӨЖБО);
  • жүктөө-жеткирүүчү машиналар (ЖЖМ);
  • шахталык автосамосвал;
  • торкрет-бетон аралашмасын чачуу үчүн жер астындагы орнотмо;
  • жер астындагы кайчы түрүндөгү көтөргүч.

6.      Подрядчынын Кыргыз Республикасынын аймагында тоо-кен иштерин жүргүзүү үчүн талап кылынган бардык зарыл уруксат кагаздарынын жана/же лицензияларынын болушу.

Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү;
Негизги ишмердүүлүктүн түрүн аныктаган документтин (Уставдын) сканерленген көчүрмөсү жана жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү;
Мамлекеттик органдардын алдында салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги жөнүндө акыркы отчеттук датага карата маалымкат (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн колдонулат).
2024–2025-жылдар үчүн финансылык отчеттуулуктун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү:

·      Бухгалтердик баланс;

·     Киреше жана чыгымдар жөнүндө отчет;

·      Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;

·      Капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;

·      Же 2024–2025-жылдар үчүн Бирдиктүү салык декларациясы.

– Толтурулган Сурамжылоо формасы

– Акыркы 3 (үч) жыл ичинде соттук териштирүүлөргө катышкандыгы жөнүндө маалымат.

Маанилүү!!! Конкурстук табыштаманы жана (же) конкурстук сунушту камтыган бир электрондук каттын көлөмү 25 МБ ашпашы керек.

Эгер тиркелген документтердин жалпы көлөмү 25 МБ ашса, конкурстук табыштама бир нече электрондук катка бөлүнүшү керек. Мында каттын темасында конкурстун катышуучусунун аталышын жана конкурстук сунуштун тиешелүү бөлүгүн көрсөтүү зарыл, мисалы:

1. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» — 1-бөлүк.

2. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» — 2-бөлүк ж.б.

Булут сактагычтарынан документтерди жүктөп алуу шилтемелеринин жарактуулук мөөнөтү, эреже катары, чектелүү болгондуктан, конкурстук документтерди файлдарды булут сактагычтарына жүктөө аркылуу жөнөтүү сунушталбайт. Документтерди түздөн-түз электрондук каттардын тиркемелеринде жөнөтүү сунушталат.

Баалоо критерийлери: Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана талап кылынган документтердин толук топтомун берген сунуш алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн деп таанылат.
Буйрутмачы зарыл болгон учурда ушул чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим ыйгарылганга чейин тандоо процессин каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу жана мында тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албайт.
Алдын ала квалификациялык тандоонун катышуучулары тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кийин берилген катышуу сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

Алдын ала квалификациялык тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаган күндөн тартып кеминде 90 календардык күн болушу керек.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде катышуу сунушуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул алдын ала квалификациялык тандоо боюнча бардык суроолор жана алдын ала квалификациялык тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: aibek.berdigulov@kumtor.kg.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР