Жарыяланган: 12 May 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 20-майы, саат 13:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Чүй облусу, Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Ленин проспектиси 262 дареги боюнча Интернет тармагына жеткиликтүүлүк кызматтарын көрсөтүү боюнча баа сунуштарын суроо ыкмасы менен өткөрүлүүчү конкурска катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Табыштама жана тиркелген документтерге кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди алууга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек.
Бардык документтер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же уюштуруучу жана/же тескөөчү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек. Коммерциялык сунуш Катышуучунун расмий бланкында таризделиши керек. |
| Сунуштарды берүү тартиби | Тандоого катышуучулар конкурстук сунушту ушул чакыруу жана Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык бериши керек.
Конкурстук сунуш электрондук түрдө төмөнкү электрондук почта дарегине Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg 2026‑жылдын 20‑майы саат 13:00дөн чейин, Бишкек убактысы боюнча жөнөтүлөт. Конкурстук сунуштар:: • башка электрондук дарекке жөнөтүлгөн; Ар бир тандоого катышуучу бир гана конкурстук сунуш берүүгө укуктуу. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
| Катышуу үчүн табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек:
|
Катышууга үчүн табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек:
1. Катышуучунун расмий бланкында таризделген коммерциялык сунуш, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: – кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы; – төлөм шарттары; – Техникалык тапшырмага ылайык кызмат көрсөтүү мөөнөттөрү; – коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү — кеминде 30 календардык күн түзүшү керек. 2. Техникалык тапшырманын талаптарына шайкештигин тастыктоо (өзүнчө тастыктоочу кат түрүндө же коммерциялык сунуштун текстине киргизилген болушу керек). |
| Баалоо критерии: | Конкурстун жеңүүчүсү деп Техникалык тапшырмага толук ылайык келген, бардык талап кылынган документтер менен тастыкталган жана эң төмөн бааны сунуштаган сунуш таанылат. |
| Сунушту төмөнкү электрондук почта дарегине Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg 2026‑жылдын 20‑майы саат 13:00дөн чейин, Бишкек убактысы боюнча жөнөтүү керек. | |
| Буйрутмачы каалаган сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта конкурс процессин жокко чыгарууга укуктуу жана бул үчүн тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт. | |
| Өз сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин тастыктайт. | |
| Аванстык төлөм каралган учурда, жеңүүчү компания аванстык төлөмдүн суммасынан кем эмес өлчөмдө аванстык төлөмдү камсыздоочу банктык кепилдикти берүүгө милдеттүү.
Банктык кепилдик Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан корреспондент банк тарабынан авизолонушу керек. Банктык кепилдикти авизолондурууга байланыштуу бардык чыгымдарды Жеткирип берүүчү көтөрөт. Ушул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук почта дарегине жөнөтүлүшү керек: Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg Тандоо шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү башталганга чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлүшү керек. |
|