Жарыяланган: 28 April 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 15-майы, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).
Заказчы: «Кумтор Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») сизди сервис-келишимдин шарттарында «Сантехник» кызматтарын көрсөтүү боюнча өткөрүлүп жаткан конкурсa катышууга чакырат.
Кызмат көрсөтүү жери: г. Бишкек, Ибраимов көчөсү, 24/1
Кызмат көрсөтүү мөөнөтү: Келишимге кол коюлган күндөн тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин, Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык узартуу мүмкүнчүлүгү менен.
Жумуштарды аткаруу тартиби: Дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин, күн сайын саат 08:00дөн 17:00гө чейин.
Конкурс бекитилген бюджет (тарифтер) шартында квалификация боюнча тандоо ыкмасы менен өткөрүлөт жана конкурсдук документациянын талаптарына жооп берген бардык потенциалдуу катышуучулар үчүн ачык. Кызматтар үчүн төлөм 1 (бир) иштөө сааты үчүн 297 (эки жүз токсон жети) сом өлчөмүндө белгиленет, бардык тиешелүү салыктарды эске алуу менен.
КОНКУРСТУК ӨТҮНМӨЛӨРДҮ БЕРҮҮ ТАРТИБИ
Конкурстун катышуучулары тиешелүү формаларды толтуруу аркылуу конкурсдук өтүнмөлөрүн электрондук форматта даярдап, бардык талап кылынган документтерди тиркөө менен santehnik@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 15-майына чейин саат 14:00гө (Бишкек убактысы боюнча) чейин жөнөтүүгө тийиш.
Конкурсдук өтүнмө 30 (отуз) календардык күн бою жарактуу болуп саналат.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор жаралган учурда, катышуучу asel.abdyldaeva@kumtor.kg электрондук дареги аркылуу, конкурсдук өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтүнө 3 (үч) жумушчу күн калганда кечиктирбестен, түшүндүрмө сурап кайрылууга укуктуу. Түшүндүрмөлөр суроо алынган күндөн тартып 3 (үч) календардык күндүн ичинде электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
ТАБШЫРЫЛУУГА ТИЙИШ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕР
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
ТАНДООНУН НЕГИЗГИ ШАРТТАРЫ
КГК кошумча тастыктоочу документтерди талап кылууга жана/же берилген маалыматтарды текшерүүгө укуктуу. Так эмес же жалган маалыматтар аныкталган учурда конкурсдук өтүнмө четке кагылат.
Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү өткөндөн кийин өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт. Белгиленген мөөнөттөн кечиктирилип берилген өтүнмөлөр каралбайт.
КГК талаптарга жооп бербеген каалаган конкурсдук өтүнмөнү четке кагууга укуктуу. Документтерди тапшыруу конкурстун кийинки этаптарына катышуу кепилдигин бербейт.
Бул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген учурда конкурсдук өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Өзгөртүүлөр тууралуу маалымат Заказчынын расмий сайтында жарыяланат:
https://www.kumtor.kg/ru/
Конкурсдук сунуш төмөнкү тема менен жөнөтүлүшү керек: «Сантехник (сервис-келишим)»
МААНИЛҮҮ (ДОКУМЕНТТЕР КОНВЕРТ МЕНЕН ТАПШЫРЫЛГАНДА)
Аткаруучу документтерди төмөнкү ыкмалар менен тапшыра алат:
Ар бир конвертте милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
– катышуучунун аты-жөнү (ФИО);
– документ тапшырылган дата;
– кызматтын аталышы.
Катышуучунун аты-жөнү жана кызмат көрсөтүлбөгөн каттар жана конверттер каралбайт.
КОНВЕРТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖЕРИ (г. Бишкек)
720031, Кыргыз Республикасы,
г. Бишкек, Ибраимов көчөсү, 24/1
КГК Заказчыга көз каранды эмес себептерден улам келип чыккан кечигүүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Эскертүү: бир электрондук каттын көлөмү 25 MBдан ашпашы керек.