БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН ЖМК МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН ЖМК МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 19 March 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 02.04.2026, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Бишкек шаарындагы кеңсенин Жалпы маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
  • Жогорку же орто кесиптик билим (айрыкча журналистика, коммуникациялар, медиа же ага жакын багыттар боюнча алгылыктуу);
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерде эркин сүйлөө, англис тилин билүү – артыкчылык болуп эсептелет;
  • Видео жана фото жабдуулар менен иштөө боюнча негизги көндүмдөр;
  • Санариптик платформалар жана социалдык тармактар менен иштөө көндүмдөрү;
  • Коммуникабелдүүлүк, жоопкерчилик жана команда менен иштөөгө даярдык;
  • Медиа долбоорлорго катышууга жана динамикалуу чөйрөдө иштөөгө болгон каалоо.

Милдеттери:

  • КГКнын пресс-кызматына видеоконтентти уюштурууда жана даярдоодо көмөк көрсөтүү;
  • видеотартуу үчүн материалдарды иштеп чыгууда жана даярдоодо көмөк көрсөтүү;
  • пресс-кызматынын тартуу жана башка өндүрүш процессстерине катышуу;
  • кеңири аудитория үчүн маалыматты жөнөкөйлөтүлгөн түрдө берүүдө көмөк көрсөтүү;
  • санариптик каналдар жана социалдык тармактар үчүн контент даярдоого катышуу;
  • актуалдуу маалыматты ыкчам чагылдырууда көмөк көрсөтүү;
  • пресс-кызматынын кызматкерлеринин жетекчилиги алдында жана компаниянын учурдагы коммуникациялык процесстеринин алкагында тапшырмаларды аткаруу.

Такшалма шарттары:

  • Эмгек акысы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2026-жылдын 2-апрель, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.